"Видеону апаңа көрсөтөм деп коркуткан". 18 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалды
2260
Алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчасына зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерден келген каттарды жарыялап турат. Ал 12-июлда ошондой каттардын бирин жарыялаган. Анда 18 жаштагы кызды белгисиз киши 2 айдан бери зордуктап жүргөнү, кимдир-бирөөгө кабарласа видеосун жарыялап саларын айтып коркутканы айтылган.
Бул каттын негизинде Бишкек ШИИББдин тергөө бөлүмү тарабынан 156-берене "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1987-жылы туулган У.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/16687