Медициналык толук тешкерүүдөн өтүү же check-up деген эмне? Ал адамга канчалык керек?
RU

Медициналык толук тешкерүүдөн өтүү же check-up деген эмне? Ал адамга канчалык керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Медициналык толук тешкерүүдөн өтүү же check-up деген эмне? Ал адамга канчалык керек?

Дарыгер Эрмек Исмаилов коронавирус пандемиясы учурунда бейтаптарга аралыктан консультация берип, илдет аяктагандан кийин дагы бул ишти токтоткон эмес.

Учурда Телеграм каналдар аркылуу коомчулукка ден соолукка кам көрүү, профилактика жана check-up анализдерди тапшыруу сындуу бир катар пайдалуу кеңештери менен бөлүшүп келет.

-Эрмек мырза, айтсаңыз, анализ, cheсk-up дегенде эле биринчи көп каражат, кезек күтүү сындуу нерселер элестелет. Сиз эсептеп чыксаңыз керек, бир адамга канча сом сарпталат? Жана негизги анализдер кайсылар?

- Бул жерде cheсk-up`тын баалары айырмаланып турат экен. Мисалы жеке клиникада орто эсеп менен 30-25 миң сом кетет. Ал эми мамлекеттик ооруканалардан текшериле турган болсо 5-10 миңге чейин болушу мүмкүн. Мен азыр эң жогорку баалар менен эсептеп жатам.

Бирок менин айтарым: адам кайсы бир медициналык текшерүүдөн өтөм десе, буга чейин бир дагы жолу жалпы текшерүүдөн өтпөсө анда башынан баштап, бутуна чейин текшертип алышы керек. Бир текшерилип алгандан кийин адам кайсы жеринде эмне көйгөй бар экенин билип калат да, кийинки жылы ошол өзгөрүүлөрдү эле кайра көзөмөлдөп, прафилактикалык текшерүүдөн гана өтүп койсо болот. Биз унаабыздын кайсыл жеринде эмне сынык бар экенин билгендей эле организмде эмне өзгөрүү бар экенин билип турушубуз керек.

- Check-up`ты кайсы курактагы адамдарга сунуштайт элеңиз?

- Check-up - медициналык текшерүүдөн толук өтүү болуп саналат. Текшерүү бала төрөлгөндө эле башталат, бирок толук 16-17-жаштан өйдө бир жолу текшерилип, ден соолукка маани бере башташ керек. Мен 18 жаштан 35 жашка чейинкилерге эки жылда бир жолу толук медициналык текшерүүдөн өтүп турууну сунуштайт элем. Ал эми 35 жаштан 45 жашка чейинкилерге бир жылда бир жолу текшерилүү сунушталат. 45 жаштан жогоркулар жарым жылда бир же жылына бир жолу. Бул менин жеке тажрыйбамдан алынган кеңеш. Эл аралык медицинада деле ушундай текшерүү туура деп эсептелет. Себеби, биздин жашыбыз улам өйдөлөгөн сайын организмдеги зат алмашуу жайлап баштайт. Жаш кезде кээ бир организмдеги өзгөрүү, ооруларга маани берип, айыктырып албасак, кийин оору да күчөп, адамдын денеси да күрөшкөнгө алы келбей калат.

- Сиздин "Дарыгерден кеңеш" Телеграмм каналыңызга кайрылып келсек. Онлайн дарыгерден кеңеш алуунун коомчулукка пайдасы канчалык экен?

- Жакшы суроону көтөрдүңүз. Себеби, онлайн-консультацияга каршы болгондор да бар, колдогондор да аз эмес.

- Биз бир жерибиз ооруп калса түз эле интернетти аңтарып, белгилерди салыштырып баштайбыз. Ал жерде ар кандай сунуштар бар го. Пайдалуусу да, пайдасы жогу да, зыяндуусу дагы...

- Эгер жеке тажрыйбам тууралуу айтып кетсем: коронавирус илдети дүйнөнү каптаганы - онлайн кеңеш берүү менен бейтаптарга жардам берүүгө болот экен деген тыянакка алып келди. Себеби, биз ошол Телеграмм каналда абалы абдан оор бейтаптарга кеңеш берип жатып, ошол абалдан чыгарганга жардам бердик. Онлайн кеңеш менен жардам бергенибизди мен 1-2 жылдан кийин түшүндүм. Себеби, ошол бейтаптардын балдары же өздөрү кийин мени жолуктуруп калган учурда, келип, рахматын айтып, жакындарын оор абалдан чыгарганымды айтса - таң калгам. Ошол себептүү онлайн кеңеш берүүнүн пайдасы гана болбосо зыяны жок экенин билдим. Мен азыр да бул ишти улантып жатам. Эн жакшы жагы - дарыгердин да, бейтаптын да убактысы үнөмдөлөт экен.

- Ар бир эле онлайн кеңеш берген дарыгердерди угуп, айтканын кылып, ишене бергенге болобу?

- Албетте, бул жерде адам дарыгерди фильтрден өткөрүш керек деп ойлойм. Себеби, азыр маркетинг ушунчалык өнүккөн, билими, тажрыйбасы жок адамдар деле эптеп, өзү иштеген компаниянын продукциясын сатуу үчүн бейтаптарды алдай беришет. Бул жерде критикалык ой жүгүртүү дагы маанилүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13675