Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу менен коштолгон окуя катталды
RU

Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу менен коштолгон окуя катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алгандыгын маалымдайт.

Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүн, 7-майда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын жарандарын – малчыларды байкаган.

Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн.

"Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачылардын талабын Тажикстандын жарандары көңүлгө албай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызсандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган.

Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында кыргыз чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.

Кыргыз Республикасынын чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Тажикстандын бир жараны бутунан жаракат алган.

Бирок Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөттү гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз", - дешет Чек ара кызматынан.

Жакынкы убакта чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкеснидеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16107