Өлкөдө айрым абоненттер үчүн электр энергиясы кымбаттады
RU

Өлкөдө айрым абоненттер үчүн электр энергиясы кымбаттады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тариф өзгөрдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, башка керектөөчүлөргө (тиричилик эмес керектөөчүлөр) үчүн электр энергиясы үчүн төлөм салыктарды эске албаганда 1 кВт/саат үчүн 3 сом 767 тыйындан эсептелет.

Бул чечим электр энергиясы тартыш убакта керектөөчүлөрдү свет менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоочу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтуруу максатында кабыл алынган.

Буга чейин тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн тариф 1 кВт/саат үчүн 3,18 сом болчу (салыктарды кошпогондо). Ал эми өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн тариф ошол бойдон калды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17618