Салтанат Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга соттолду
RU

Салтанат Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аялын сегиз саат кыйнап өлтүрүүгө шектелген Казакстандын мурунку экономика министри Куандык Бишимбаевди сот арачылары 24 жылга эркинен ажыратты.

Анын тууганы Бахытжан Байжанов кылмышты жашырууга айыпталып, 4 жылга эркинен ажырады.

Чечим бүгүн, 13-майда кабыл алынды. Өз кезегинде, маркум Салтанат Нукенованын байкеси жана жакындары, жактоочулары менен Бишимбаевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранган эле.

Эске салсак, 9-ноябрда Астанадагы ресторандардын биринен аялын өлтүрдү деп шектелген Казакстандын мурунку экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, мекемеде эркек менен аялдын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө эркек аялдын денесине залал келтирген. Токмоктун кесепетинен 31 жаштагы Салтанат Нукенова ошол жерден каза болгон.

Куандык Бишимбаев деген ким?

Эмгек жолунун Бишимбаев Казакстандын президентинин, ошол кездеги Нурсултан Назарбаевдин жардамчысы болуп иштеген.

2016-жылы экономика министри болуп дайындалган. 2017-жылы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кызматтан кеткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишимбаев "Байтерек" улуттук башкаруу холдингинин жетекчиси болуп туруп, Кызылорда шаарындагы айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн миллиард теңгени уурдоо үчүн кылмыштуу схеманы уюштурган. Ал курулуш компанияларын камсыз кылуу үчүн пара алган деп айыпталган. Бул ишке дагы 22 адам катышкан.

2018-жылдын март айында сот аны күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. 2019-жылдын октябрында Бишимбаев шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Андан кийин мамлекеттик кызматта иштеген эмес.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Бишибаев үч жолу үйлөнгөн. Анын биринчи никесинен бир уулу бар. Ал экинчи жубайы Назима Кахарман менен 14 жылдай жашаган. Алардын үч баласы бар. Ал коррупция боюнча сот процессинде анын коомдук жактоочусу болуп иштеген. Жубайлар 2020-жылы, экс-министр абактан чыккандан бир жылдан кийин ажырашып кетишкен.

Маркум Салтанат Нукенова тууралуу эмне белгилүү?

Салтанат Нукенова 1992-жылы Павлодарда туулган, бул шаардын мурдагы акими Кайрат Нукеновдун жээни. 2022-жылдын сентябрь айында Куандык Бишимбаевге турмушка чыккан. Салтанат астрологияны изилдеп, консультацияларды өткөрчү. Ал өзүнүн билдирүүлөрүнүн биринде күйөөсү менен ушундай консультациялардын биринде таанышканын жазган. Алар 2022-жылдын ноябрь айында баш кошушкан.

Бул окуяга Казакстан эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү көз салып турду. Канча айга созулган соттук отурум, бүгүн, 13-майда жыйынтыкталды. Ал жергиликтүү сыналгылардан эле эмес, Казакстандын Жогорку соту тарабынан түз эфирде көрсөтүлүп турду. Эми, жабырлануучу тарап 15 күндүн ичинде чоттун чечимине даттанса болот. Айтмакчы, бул ишти сот Айжан Кулбаева карады.

Бирок, Бишимбаевдин суранычы менен, Казакстандын мыйзамдарына ылайык, негизги чечимди сот арачылары чыгармак. Муну айыпталуучу Бишимбаев тандап алган. Эгерде, 10 сот арачы жана Айжан Кулбаева болуп 11 киши Бишимбаевди өмүр бою эркинен ажыратууга макулдук берсе, мурунку экономика министри өмүр соттолмок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16152