Кызмат милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендерди жазалоо сунушталууда
RU

Кызмат милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендерди жазалоо сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Сүйүнбек Өмүрзаков демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган.

Ал бийлик өкүлдөрүнө карата жасалган бейбаштыктар алардын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирип жатканын белгилеген.

"2022-жылы милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо боюнча 82 факты катталса, 2023-жылы 46га көбөйүп, 128 фактыга жеткен", - деп жазылат мыйзам долбоордун негиздемесинде.

Андан тышкары депутат коомдук тартипти камсыздоого бийлик өкүлдөрү эле эмес, ыктыярчылар, элдик кошуундардын өкүлдөрү дагы тартыларын айткан.

Мындан улам мыйзамга "башка адамга каршылык көрсөтүү менен байланышкан бейбаштык" деген укуктук ченем киргизүүнү сунуштаган.

Ошондой эле депутат милдетин аткарып жаткан адамга (Тез жардамдын кызматкерлерине, дарыгерлерге, өрт өчүрүүчүлөргө, сот аткаруучуларга, сот приставына, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жана башка ушул сыяктуу) карата жасалган бейбаштык фактылары көп экенин белгилеген.

Буга ылайык:

  • кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөтүлсө 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салуу же беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган;
  • коомдук тартипти камсыздоо менен алек болгон укук коргоо органдарынын кызматкеринин (аскер кызматчысынын), сот приставынын мыйзамдуу талабына баш ийбесе жеке жактарга 5 000 сом айып салынат же беш суткадан жети суткага чейин камакка алынат;
  • сот приставынын мыйзамдуу талабына баш ийбегендерге 3 000 сом айып салынат же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16540