Олжобай Шакир 3 жылдык пробация менен эркиндикке чыкты
RU

Олжобай Шакир 3 жылдык пробация менен эркиндикке чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Сот публицист Олжобай Шакирдин ишин карап, камактагы бөгөт чарасын өзгөрттү. Тагыраагы, сот жазуучуну коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарды.

Белгилесек, ушул жылдын 14-майында Аламүдүн райондук соту жазуучу Олжобай Шакирди "Массалык башаламандыктар" беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган.

Олжобай Шакир Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен 2023-жылдын 23-августунда кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17607