Орун толуп калды. Ажылыкка барууну каалаган зыяратчыларды каттоо токтотулду
RU

Орун толуп калды. Ажылыкка барууну каалаган зыяратчыларды каттоо токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-октябрда өлкө аймагы боюнча 2025-жылдагы ажылыкка баруучуларды каттоо башталган. Муфтияттан кабарлашкандай, саат 13:00гө карата квота толуп, ажылыкка төлөм кабыл алуу жабылды.

Белгилесек, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге (жандуу тизме) каттоо электрондук (Eid) ID-карт паспортунун негизинде жүргүзүлөт. Талап боюнча, каттоолор баштапкы жана кайтарымсыз акчаны РСК банкына төлөп, Муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга дүмүрчөктү жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Быйыл Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргызстандан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17593