Вебкам студиялардын уюштуруучусу Даниел Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылды
RU

Вебкам студиялардын уюштуруучусу Даниел Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вебкам студиялардын уюштуруучусу Даниел Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Ажиев Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды:

  • 160-берене (1-бөл.) - "Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, же болбосо ыплас аракеттерге ортомчулук, же болбосо сутенердук кылуу"
  • 161-берене - "Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу"
  • 261-берене (1-бөл.) - "Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ага тете мындай топту жетектөө"
  • 215-берене (3-бөл.) - "Алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, ири мүлктүк зыян келтирүү"

Муну менен Ажиев мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 9 жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылды. Ошондой эле 220 миң сом айып төлөшү керек.

Ажиев былтыр июнда БАЭге учуп кетүү үчүн Өзбекстанга барган жеринен кармалган. УКМК ал коңшу өлкөлөрдүн жарандарынан турган 300дөн ашуун операторду иштеткенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17523