Президенттин дарегине сын айткан Аскат Жетиген уулу 3 жылга соттолду
RU

Президенттин дарегине сын айткан Аскат Жетиген уулу 3 жылга соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 1-июлда акын Аскат Жетиген уулунун соцтармак аркылуу президент Садыр Жапаровду сындаган билдирүүсүнө байланыштуу соттук отурум өттү.

Сот залында Аскат Жетиген уулу акыркы сөз сүйлөп, күнөөсү жок экенин айтып, экспертиза мыйзамсыз эч нерсе таппаганын билдирди.

Андан кийин сот Аскат Жетиген уулун КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси "Массалык баш аламандыкка жана жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу" боюнча күнөөлүү деп тапты. Бирок "Бийликти күч менен басып алууга чакыруу" беренеси боюнча актады.

Жыйынтыгында Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов акынды 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

*****

Аскат Жетиген уулу ушул жылдын 16-мартында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунда кармалкан. Ал Бишкекке жеткирилип, 48 саатка камакка алынган. Кармалардан бир күн мурун акын президент Садыр Жапаровдун 14-марттагы маегин сынга алган видеосун жарыялаган.

18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен ал өлкөдөн чыкпоо менен бошотулган. Бирок 20-мартта ал экинчи эпизод боюнча кайрадан кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16506