Улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу кызматын тапшырды
RU

Улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу кызматын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз улуттук "Манас" театрында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, жетекчилик кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган мекемеден Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Белгилүү болгондой, "Манас" театрынын негиздөөчүсү Азиз Биймырза уулу өз каалоосу менен директорлук кызматын тапшырды. Директор менен бирге орун басары Шайырбек Абдырахман уулу дагы өз каалоосу менен кызматын өткөрүп берди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен Нурбек Талантбеков Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Нурбек Талантбеков буга чейин аталган театрдын директорунун орун басары кызматын аркалаган.

Белгилесек, театр 2021-жылдын сентябрь айында "Манас" эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу максатында негизделген. Театрды манасчы Азиз Биймырза уулу жетектеген. Быйыл президент тарабынан ага "Даңк" медалы ыйгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16655