Рахиманын өлүмү. Сот айыпталуучуну абакка кести
RU

Рахиманын өлүмү. Сот айыпталуучуну абакка кести

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө айыпталган мурдагы күйөөсүнө өкүм чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына соттон маалымдашты.

Белгилесек, Рахима Айкыбаева ушул жылдын 4-апрелинде Бишкектин четиндеги Кут айылында өлтүрүлгөн. Ички иштер министрлигинен кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Б.К.К кармалып, "Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

Адам өлтүрүүгө айыпталган кишини сот 15 жылга эркинен ажыратты.

"Айыпталуучу Б.К.К. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазаны жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөөгө милдеттендирилди. Жабырлануучу тараптын өкүлүнүн арызы жарым-жартылай канааттандырылып, айыпталуучудан моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 300 миң сом өндүрүлдү", - деп айтылат соттун маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17775