Өспүрүмгө кризис менен күрөшкөнгө кантип жардам берсе болот? Ата-энелер үчүн сунуштар
RU

Өспүрүмгө кризис менен күрөшкөнгө кантип жардам берсе болот? Ата-энелер үчүн сунуштар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм куракта балдар жашоосундагы эң маанилүү жана оор кризистерди баштарынан өткөрүшөт. Kaktus.media психологго кайрылып, ата-энелер менен балдар канткенде өспүрүмдөр кризисинен ийгиликтүү чыга аларын сурады.

Виталий Пукаев, психолог, гештальттерапевт:

- Кризистик абал ар бир адамдын жашоосунда болот, көп учурда кайталанып турат. Бул негизинен ушундай болушу керек. Андан качуу же азыраак болтуруу мүмкүн эмес. Кимдир бирөөдө көп, кимдир бирөөдө аз болот дегендей.

Кризис деген эмне?

Кризис - бул өткөөл абал, төңкөрүш, бурулуш сыяктуу, адам үчүн күтүлбөгөн, стресске дуушар калган жагдай, бул учурда адамды өзү, дүйнөгө болгон көз караштарыы же мамилелери жөнүндө ойлорун кайра карап чыгууну талап кылган, чыгуунун жаңы жолдорун жана чечимдерин издеткен жаңы кырдаал. Өзгөрүү даражасы абдан масштабдуу болушу мүмкүн. Кризисте кирүү жана чыгуу жолдор болот. "Мен" деген нерсе кирүүдө жана чыгууда такыр башкача болушу мүмкүн, жаман жагынан гана эмес. Кризис ар дайым потенциалды жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет. Бул кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жана аларды татыкту жашап өтүүгө жардам берет.

Кризис – бул кыйла кеңири түшүнүк; тышкы кризистер (тышкы кырдаалдарга, травма калтырган, стресстик окуяларга байланыштуу) жана ички кризистер (жашка байланыштуу, экзистенциалдык, жашоонун өнүгүшүнө байланыштуу) болот. Кризистик кырдаалдар, өз кезегинде, ар бирибизде жашыбызга карабастан, каалаган убакта болушу мүмкүн. Алар өздөрү ички кризистин башталышы болуп калышы мүмкүн. Мисалы, жоготуу, мурда тааныш болгон нерсени жок кылуу. Алар жакын адамынын, ата-энесинин же тууганынын өлүмү, досунан кол үзүү, жаракат алуу же катуу оору, же үй жаныбарынан айрылуу гана эмес, ошондой эле, көчүп кеткен учурда тааныш чөйрөнү жоготууну, мектептерди же өлкөлөрдү алмаштырууну, же ажырашууну камтыйт. Ал тургай, мүмкүн болгон кубанычтуу окуялар - баланын төрөлүшү, үйлөнүү тою, жаңы үйгө көчүү - кризисти жаратышы мүмкүн. Жашоонун белгилүү бир мезгилдеринде (төрөлүү, чоңоюу, жетилгендик жана карылык кризистери) биз кризистик кырдаалдарга көбүрөөк аялуу болуп калабыз.

Өспүрүм курактагы кризис

Өспүрүм курак - дээрлик бардык чөйрөлөр өзгөрүүлөргө дуушар болгон мезгилдердин бири. Жаш куракка байланыштуу тапшырмалар аркылуу өспүрүм кризисин түшүнүү кызыктуу. Өспүрүмдөрдүн бир нече маанилүү өнүгүү милдеттери бар: бөлүнүү, түшүнүү, мен киммин, мен эмнемин, кайда, ким менен жана мүмкүн болсо, жаңы, чоңдорго ылайыктуу шарттарда үй-бүлөгө кайра кошулуу. Бул бир нече жылга созулган кыйла узак процесс. Бул эки тарап үчүн - ата-эне үчүн да, өспүрүм үчүн да өзгөрүү жолу болуп саналат.

Сырттан көрүп жатканыбыз – оппозиция, негативизм, конфликт, эреженин жана болгон жашоо образынын бузулушу – бул жөн эле чоңдордун дүйнөсү менен болгон согуш эмес.

Ата-эне көбүнчө иерархияны, баш ийүүнү, көзөмөлдү жана тааныш, мурда көнүп калган жагдайды сактап калгысы келет. Чоңоюп келет жаткан адам өзүн жана дүйнөдө өз ордун табышы керек. Бул оңой эмес.

Өспүрүмдөр кризисинин өзү парадокс, масштаб жана экстремалдык мезгил. Маанайдын канааттанбагандык, кыжырдануу, капа болуу жана ички тынчсыздануу басымдуулук кылган өзгөрүүсү жалгыз калуу жана адамдардан обочолонуу каалоосуна алып келет. Сынга жана башка адамдардын кабатыр болуусуна болгон сезимталдык жогорулайт. Өспүрүмдөр үй милдеттерин аткаруудан, конокко баруудан жана конокторду кабыл алуудан, үй-бүлөсү менен бирге болуудан баш тартышат. Ата-эненин каршылыгына алар ачуулуу жана импульсивдүү жооп беришет. Алар бөлмөсүнүн эшигин жаап алып көпкө отура беришет. Алар теңтуштары менен реалдуу жана виртуалдык баарлашууну баарынан артык көрүшөт, ошондуктан алар үйдөн тышкары же компьютерде көп убакыт өткөрүшөт.

Ошол эле учурда теңтуштар жана достор менен баарлашуу аркылуу өзүн дагы табышы керек болот. Өспүрүмдөр музыкага, психологияга кызыгып, экзистенциалдык суроолорду беришет. Өзүн-өзү байкоо, өзүн-өзү кабыл алуу, өз эмоцияларын чагылдыруу интенсивдүү түрдө өнүгөт, аларда окуяларын жазган күндөлүк пайда болот, достору менен бир нече саат бою баарлашып отура алышат. Өспүрүмдөрдүн бул мезгилинде активдүү өзгөрүүлөрү (денелик, гормоналдык, психологиялык, социалдык), сезгичтик жана кризистик кырдаалдарга аялуулугу өзгөчө жогору болот. Эски ыкмалар эчак эле кыйраган болот, жаңылары жаңыдан түзүлөт, алар дагы идеалдуу эмес болот.

Жашоо кризистери жоготуу түшүнүгүн камтыйт - булар жашообуздагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында туш болчу эмоционалдык жана психологиялык кыйынчылыктар. "Мен эми башкачамын, мен мындан ары анте албайм" - бул башталгыч чекит.

Маанилүү бир нерсени же кимдир бирөөнү жоготуу ар дайым пикир келишпестикти, нааразылык реакциясын жана чындыкты кабыл алуудан баш тартууну жаратат. Бул кайгы реакциялары кирет, адам күчтүү сезимдерди башынан өткөрөт: шок, кайгы, үмүтсүздүк, тынчсыздануу, коркуу, жадакалса ачуулануу, алсыздык. Булардын интенсивдүүлүгү да өтө жогору болушу мүмкүн. Өспүрүмдөр сыртынан такыр башкача көрүнгөнү менен өтө аялуу адамдар.

Мамилелер татаалдашып же бузулуп, импульсивдүү аракеттерге болгон кызыгуу пайда болот. Же, тескерисинче, катып калуу, апатия, айланада болуп жаткан нерселерге кызыгууну жоготуу, депрессиялык же тынчсызданган маанай болушу мүмкүн. Уйкунун жана табиттин бузулушу, салмактын азайышы же көбөйүшү же артыкчылыктардын өзгөрүшү байкалышы мүмкүн. Бул кризис. Эки тарап үчүн бул оор мезгилде мамиле кандай өнүгө турганы - буга чейин бала менен ата-эненин ортоундагы мамиле кандайча курулганына, үй-бүлөдө калыптанган тарбиянын стилине, ички ресурстардын жана көндүмдөрдүн болушуна, ата-эненин кайрадан башкача мамиле түзүүгө даяр болушуна (баланын сезимдерин кабыл алуу) жана өспүрүмдүн өзгөрүү менен күрөшкөнүнө жараша болот.

Ар бир кризис же жоготуу, алардан өтүү жолуу уникалдуу болот.

Кризистик окуялардын жаман жери – алар азап тартырнат, адатта күтүүсүз, эң ылайыксыз учурда башталат. Жакшы жери - кризис өтүп кетет. Кризис ар дайым жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы түшүнүктөрдү, мамилелерди, реакция кылуу жолдорун алып келет. Биз кризистен жана ал тургай жоготуудан аман-эсен чыгууга биологиялык жактан

өнүктүрөбүз. Жок дегенде бул процессте ар дайым потенциал бар.

Ошондуктан, негизги бир нече фокустар бар.

  • Өспүрүмгө жана анын абалына болгон фокус. Реакция берүү өзгөчөлүктөрү, өзүн-өзү колдоо көндүмдөрүнүн болушу, өзүн таануу жана өз алдынча жардам берүү, ички жана тышкы ресурстарга таянуу жөндөмдүүлүгү. Бул маанилүү. Ошондуктан, көптөгөн көндүмдөр бала кезинде калыптанып, акырындап, алдын ала өздөштүрүлөт. Кризис менен күрөшүүгө жардам берет. Азыр көптөгөн ресурстар, эң сонун китептер, тренингдер бар, булар чоң колдоо жана пайдалуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк.
  • Экинчи фокус - бул ата-энелер. Алардын жеке абалы жана реакция кылуу өзгөчөлүктөрү. Алар көбүнчө баласынын абалына абдан тынчсызданышат. Көзөмөлдү жоготуу, мүмкүн болгон суицид жөнүндө ойлор ата-энени өспүрүмдүн кризистик кырдаалына кабылганда дээрлик кыйнап, көп тынчсызданууну пайда кылат. Бирок ата-эне өзүнүн ички процесстерин канчалык түшүнсө, өсүп келе жаткан өспүрүмгө жардам берүү ошончолук жеңил болот. Бул авторитарлар үчүн кыйыныраак болот.
  • Өспүрүм жана ата-эне - бул өз ара аракеттенүүдө система жана кошумча катышуучулар болуп саналат.

Кризистен аман-эсен чыгуу үчүн, бир нече учурларды эстен чыгарбоо керек.

  • Өзгөрүүнү моюнга алып, ага орун берүү. Дүйнө тынымсыз өзгөрүп турат. Ага ылайык ар бирибиз өзгөрөбүз. Бир орунда кармоо мүмкүн эмес. Мындан ары мурункудай болбойт. Өзгөрүүгө каршы туруу көбүрөөк ооруну жана алсыздыкты жаратат. Ооба, ошондойболду. Эгер окуя өтө чоң болсо, эмне болуп жатканын кабыл алуу үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн. Өзүңдүн темпиң менен жыла берүү маанилүү, бирок болуп жаткан окуяларга көңүл бурбай дагы койбош керек. Кризистердин айланасында ар дайым көптөгөн иллюзиялар (адилеттүү дүйнө жөнүндө, анын түзүлүшү жөнүндө, өзү жөнүндө ж.б.) жаралат. Бул өзүнчө жана чоң тема. Эреже катары, иллюзиялар менен эсептешүүгө, аларды кайра карап чыгууга, көңүл калуу жана жоготууларга же күрөшүүгө туура келет.
  • Биз кандай болгон күндө да кырдаалга эмоционалдык түрдө жооп беребиз. Эмоцияларды көрсөтөбүзбү, көрсөтпөйбүзбү, баары бир реакциялар болот. Өзүңө тынчсызданууга жана сезүүгө жол беришиң керек. Өзүңдүн эмоцияларыңды билдирүүгө уруксат бер. Стресс жөнгө салынышы мүмкүн. Болгону аны кантип жөнгө салууну үйрөнүү керек. Психикалык көндүмдөр - башкалар сыяктуу эле маанилүү аман калуу көндүмдөрү. Биз үйрөнөбүз, өсөбүз, өзгөрөбүз. Бул өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүн, китептерди, тренингдерди, психотерапияны жана башка көптөгөн нерселерди камтыйт. Айтмакчы, мага жаккан китептердин бири Екатерина Сигитованын "Идеальный шторм. Как пережить психологический кризис" китеби.
  • Өзүңдү талдоо маанилүү: Так эмне болду? Мен эмне жоготтум? Жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болгонун жана алар сага кандай таасир эткенин түшүнүүгө аракет кыл.
  • Менин колдоо системам: мага так эмне керек, аны кимден сурасам болот. Жакындарың менен байланышта бол. Жакын адамдар - мамилелердин сапаты жөнүндө. Тилекке каршы, ар дайым үй-бүлөлүк байланыштар жөнүндө эмес. Алар менен тажрыйбаң менен бөлүш жана алар сени колдосуна мүмкүнчүлүк бер.
  • Эгер бөлүшө турган эч кимиң жок болсо, анда жаз. Кат, практика, сүрөт тартуу. Эмне болуп жатканын билдир.
  • Физикалык ден соолугуңа кам көр. Негизги нерселер - уйку режими, туура тамактануу, көнүгүү - эмоционалдык стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Бул жөнөкөй нерсе, бирок иштейт.
  • Психологдор, колдоо топтору, китептер ж.б. сыяктуу позитивдүү колдоо булактарын изде. Эсиңде болсун, кеспкөй психолог же психотерапевттен жардам издөө алсыздыктын белгиси эмес, бул өзүңө жардам берүү мүмкүнчүлүгү.

Өспүрүмгө кризистен аман-эсен чыгууга кантип жардам берсе болот?

Басым кылбаңыз. Калыбына келтиргенден көрө, кыйраткан оңой. Аны укканга аракет кылыңыз жана тажрыйбасынын баркын кетирбеңиз. Ал өзүнчө адам, башкача көрөт. Бул анын тажрыйбасы. Бала үчүн анын пикири эске алынарын билүү маанилүү.

Боорукер болуңуз жана колдоо көрсөтүңүз. Эгер бул сизге керек болсо, бул ишти анын мойнуна жүктөбөңүз. Ал жөн эле үйрөнүп жатат. Сөз табуу кыйын болсо, анын жанына олтуруп, кучактап, жубатарлык сөздөрдү айтыңыз.

Аны көйгөйү менен жалгыз калтырбаңыз. Көйгөйдү тынчтык менен бирге чечүүгө аракет кылгыла, бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет.

Эң негизгиси, өзүңүзгө дүйнөнү ак жана кара призма аркылуу гана карабай турганга жардам бериңиз. Көбүнчө кризистин аркасында биз бир топ чоң жана маанилүү нерсеге ээ болобуз. Биз өзүбүздү табабыз.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (41 статья)
Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет
28 Июнь 2024, 18:18
Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору
28 Июнь 2024, 13:54
Ата-энелер кадырын түшүрүп албастан баланын коммуникациялык жөндөмүн кантип арттырса болот
27 Июнь 2024, 16:23
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16453