Экинчи чейректен баштап мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет
RU

Экинчи чейректен баштап мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү түзүү иштери аяктап калганын билдирет. Маалым болгондой, электрондук күндөлүктөр экинчи чейректен тарта киргизилет.

Электрондук күндөлүк ачык-айкындуулукту жогорулатууга, мектеп, окуучулар жана алардын ата-энелери ортосундагы өз ара байланышты жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Электрондук күндөлүктү колдонуунун негизги артыкчылыктары:

  • Маалыматка оңой жетүү: Электрондук күндөлүк ата-энелерге жана окуучуларга реалдуу убакыт режиминде окуу жетишкендиктерин, үй тапшырмаларын жана сабактын жүгүртмөсүн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бардык белгилүү платформаларда жеткиликтүү боло турган мобилдик тиркемеден колдонуучулар каалаган убакта, каалаган жерден маалымат ала алышат.
  • Окуу процессинин ачыктыгы: Ата-энелер жүгүртмөдөгү ар кандай өзгөртүүлөр же балдарынын жетишкендиктери жөнүндө билдирүүлөр менен ыкчам кабардар болуп турушат. Бул мугалимдер менен болгон өз ара мамилени жакшыртып, алардын билим берүү процессине активдүү катышуусуна шарт түзөт.
  • Google Classroom менен интеграциялоо: Санариптик билим берүү ресурстарын колдонууну жөнөкөйлөтүү үчүн Google Classroom менен интеграция каралган. Бул бир платформа аркылуу материалдарды жана үй тапшырмаларды ыңгайлуу пайдаланууну камсыз кылат.
  • Маалыматтарды автоматташтыруу: Жеке идентификациялык номерлердин (ПИН) негизинде окуучулардын жана мугалимдердин тизмеси автоматтык түрдө түзүлөт, бул каталарды жок кылат жана мектеп администрациясынын ишин жөнөкөйлөтөт. Бул система ошондой эле маалыматтардын тактыгын, анын актуалдуулугун жана уруксатсыз кирүүдөн коргоону камсыздайт.
  • Окуу-методикалык комплексти санариптештирүү: Электрондук күндөлүк улуттук билим берүү экосистемасынын бир бөлүгү болуп калат, мында мугалимдер окуу материалдары менен бөлүшүп, окуу программаларын түзө жана түзөтө алышат. Ошондой эле тесттерди жана тесттик тапшырмаларды түзүү үчүн инструменттерди пайдалануу менен окуучуларды сынай алышат.
  • Бардык колдонуучулар үчүн акысыз кирүү: Билим берүү жана илим министрлиги электрондук күндөлүккө кирүү билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн толугу менен акысыз болоруна кепилдик берет.

Тиркемени 11-ноябрдан тарта уюлдук телефон же компьютер аркылуу жүктөп алса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17616