Тамчы айылына беш жылдыздуу 9 мейманкана курулат
RU

Тамчы айылына беш жылдыздуу 9 мейманкана курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир апта мурда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында "Хан-Теңири" беш жылдыздуу мейманканасынын курулушуна мезгил кутусу салынган. Садыр Жапаров мейманкананын курулушу 2 жылда бүтөрүн айтты.

Президент "Кабар" агенттигине инвесторлор жана алар менен иштешкендер тууралуу комментарий берген. Анда уулу Рустам, ошондой эле Тай-Мурас Ташиев инвесторлорду тартуу менен кандай иштерди жасап жатканына токтолгон.

"Дагы бир чоң долбоор бар. "Тамчы" аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу мейманкана салына баштады. Ал жерде 90 гектар жер бар. 10 гектардан 9га бөлгөнбүз. 9 беш жылдыздуу мейманкана курулат. Биринчиси башталды. Эки жылда ишке бересиңер деп талап коюп жатам. Өзүбүздүн ички инвесторлорду, олигархтарыбызды чакырам. Алгыла да салгыла, бир эле талап – 5 жылдыздуу мейманкана салып, аны эки жылда ишке киргизүү.

Кийин жердин баарын жалаң чет өлкөлүктөргө берип салыптыр деп чыгышпасын.

Азиз Суракматов деген жигитибиз "мен бирөөнү салам" деп жер сурады эле. Келсин, салсын. Жерлер даяр, бүгүн бергенге даярбыз. Албетте, биринчи өзүбүздүн ички инвесторлорго басым жасасак жакшы болот эле. Себеби кийин тапкан таза кирешелери толук бойдон өзүбүздүн өлкөдө калат эле. Тыштан келген инвесторлордон деле зыян тартпайбыз. Акча кирет, жумуш орундары түзүлөт, салыктар түшөт. Бирок таза кирешелерин өздөрү алып кетишет да", - деди өлкө башчы.

Азиз Суракматов Бишкектин мурдагы мэри. Ал 2021-жылы мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталып, камакка алынган. Кийин тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, камактан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17548