Өспүрүмдөрдө тамактануунун бузулуу белгилерин кантип аныктаса болот?
RU

Өспүрүмдөрдө тамактануунун бузулуу белгилерин кантип аныктаса болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм курак - физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да татаал мезгил. Өспүрүм денесинде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү ар дайым эле адекваттуу кабыл ала бербейт: денесин кабыл албоо коркунучу, кол жеткис идеалдарга жетүү каалоосу күчөйт. Бул аракеттери тамактануунун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева ата-энелерге бул эмне болгон оору экенин айтып берди.

- Тамактануунун бузулушу деген эмне?

- Оорулардын эл аралык классификациясы боюнча тамактануунун бузулушу физиологиялык бузулуулар жана физикалык факторлор менен байланышкан жүрүм-турум синдромдорунун чөйрөсүнө кирет: нервдик анорексия, нервдик булимия жана психогендик ашыкча тамактануу. Тамактануунун бузулушу психикалык бузулуулар болуп саналат жана албетте, психикага гана эмес, бүтүндөй организмге да олуттуу таасир тийгизет.

- Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында тамактануунун бузулушунун кандай түрлөрү көп кездешет? Бул боюнча атайын статистика барбы?

- Тилекке каршы, статистика жок. Көбүнчө өспүрүмдөрдө эки вариантты байкайбыз: нервдик анорексия жана нервдик булимия. Психогендик ашыкча тамактануу чоңдор үчүн олуттуу көйгөй. Азыр адамдар кээ бир көйгөйлөрүн чечүүнүн жана муктаждыктарын канааттандыруунун ордуна, ал көйгөйлөрдү түзмө-түз айтканда жеп коюшат, анткени тамак - бул ырахаттын булагы, коопсуздук, түшүнүктүү, тынчтандыра турган нерсе.

- Ар бирөө тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Алгач аныктамаларга кыскача токтоло кетсек.

Нервдик анорексия оорулардын эл аралык классификациясына ылайык - бейтаптын атайылап арыктоосу менен мүнөздөлгөн оору. Эреже катары, өспүрүм кыздарда жана жаш айымдарда көп кездешет. Ошол эле учурда, жаш жигиттер, пубертаттык мезгилге жакындап калган балдар, менопаузага чейинки улгайган аялдар да кабылышы мүмкүн.

Бул ооруга семиргенден, шалбыраган фигурадан корккон, ал коркуусу таңууланган идеяга айланган адамдар чалдыгат. Алар өздөрү үчүн эң төмөнкү салмак чегин белгилеп алышат.

Көбүнчө бейтаптар диета кармоо, ашыкча физикалык активдүүлүк, ич өткөрүүчү же табитти азайтуучу дарыларды кабыл алуу сыяктуу чектөөлөрдү колдонушат. Эреже катары, аларда эндокриндик оорулар, зат алмашуунун бузулушу жана функциялык бузулуулар, айыздын келбей калуусу, тукумсуздук пайда болот.

Нервдик булимия - көп жолу тамактануу жана салмакты көзөмөлдөө үчүн катуу тынчсыздануу менен мүнөздөлгөн синдром. Бул атайылап кусууну чакыруу жана ич өткөрүүчү каражаттарды колдонуу менен коштолгон ашыкча тамактануунун белгилүү бир стилинин өнүгүшүнө алып келет.

Бул оору менен нервдик анорексиянын окшоштуктары бар, анткени бул жерде дагы адам фигурасына жана салмагына көбүрөөк көңүл бурат. Кайталап кусууну чакыруу электролиттик дисбаланс жана ар кандай соматикалык татаалдашуулар менен коштолот. Көбүнчө, бирок ар дайым эмес, бейтап анамнезинде анорексия нервозунун бир нече айдан бир нече жылга чейинки термелүү эпизодун белгилейт.

Тамактануунун бузулушу - абдан татаал жана тамактануу адаттары менен эле чектелбейт. Бул коркунучтуу оору, анткени кол жеткис идеалга умтулуу менен салмакты нормага кайтаруу мүмкүн болбогон абалга чейин азайта болот.

- Бул бузулуулардын келип чыгуу себептери эмнеде?

- Себептер бир нече топко бөлүнөт: физиологиялык, социалдык, жеке.

Физиологиялык нерселер серотонинди кабыл алуунун бузулушу, нейромедиатрлардын деңгээлинде кандайдыр бир гормоналдык дисбаланс (негизги милдети нерв клеткаларынан сигналдарды өткөрүү болуп саналган биологиялык активдүү заттар) менен байланышкан.

Эң көп таралган себептери - коомдук же жеке болуп саналат.

Социалдык коомдун таасири менен байланышкан. Мисалы, 1990-жылдары "героин шикине сыйынуу" (моделдердин өзгөчө көрүнүшү менен мүнөздөлгөн мода тенденциясы: кубарыңкы тери, көздүн тегерегиндеги шишиктер, адаттан тыш арык денелер) пайда болгон. Коомдо биз жетишибиз керек болгон белгилүү бир арык дененин идеалы бар. Бактыга жараша, азыр баары аздыр-көптүр нормалдуу болуп баратат.

Эгерде жеке учурлар жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда, албетте, ата-энелер тамактануу бузулуусунун өнүгүшүнө чоң таасир тийгизет. Көбүнчө бул көйгөйгө туш болгон балдар көбүнчө ата-энелеринин мактоосуна гана муктаж болгон тил алчаак, жакшы балдар.

Балким, алардын жакын эмоционалдык байланыштары жок болушу мүмкүн. Ошондуктан, балдар бардык күтүүлөрдү жана идеалдарды аткарууга аракет кылышат. Мындай балдар перфекционизмге жакын келишет.

Эгер сиз балаңыздан ар дайым көп нерсени талап кылсаңыз, мисалы, кызды алалы, андан мыкты окуучу, акылдуу, сулуу болуп жана спорт менен машыгуусун кааласаңыз - бул идеалга дайыма шайкеш келүүгө жана умтулууга болгон каалоону пайды кылат. Ошол эле учурда коомдук идеалдар да өзүнүкү, жеке катары кабыл алынат.

- Кандай белгилер өспүрүмдө тамактануунун бузулушу бар экенин байкоого мүмкүндүк берет? Бул тууралуу аны менен кантип сүйлөшүү керек?

- Эгер биз кыйыр белгилер жөнүндө сөз кыла турган болсок, алгач бул оорулардын негизги критерийлерине токтолобуз:

Нервдик анорексия

Критерийи катары балдар жана өспүрүмдөрдүн дене салмагынын төмөндөшү же жетишсиз салмак кошуу болуп саналат. Демек, ата-эне баланын ыкчам арыктап жатканын байкаса болот.

Салмактан арылууну бала өзү демилгелейт. Мисалы, чогуу отуруп тамактанып жатканда, бала: "Мен муну жебейм" дейт. Же тамак ичпей жатканына көңүл бурбасын деп, сизди алаксытып көп сүйлөйт.

Тамактануу бузулуусуна чалдыккан бейтаптар тамак-ашка абдан кылдат мамиле кылышат. Бул көйгөйгө дуушар болгон балдар жана өспүрүмдөр өздөрүн өтө семиз деп эсептешет, алар ашыкча салмактан коркушат жана алар каалаган салмак өтө төмөн болот. Ошон үчүн ата-эне баласынын кызыкчылыгына, ал эмнени жакшы көрөт, азыркы идеалы кандай болот, ал тандаган кийим-кече, буюмдарына көңүл бурушу керек.

Кийинки критерий гипоталамус, гипофиз жана жыныс бездери системасынын дисфункциясы болуп саналат, бул менструациянын жоголушуна алып келет. Муну кыздын апасы байкаса болот. Эндокринологиялык оорулар, чачтын түшүүсү, теринин түсүнүн өзгөрүшү, тырмактын морт болушу - мунун баарына көңүл буруу керек.

Нервдик булимия

Бул компульсивдүү ашыкча тамактануу, аз убакыттын ичинде мүмкүн болушунча көбүрөөк тамактануу, жыйынтыгында күнөөлүү сезимди пайда кылат.

Бала көпкө чейин өзүн кармап, тамак жегенин тыйып келет, андан кийин ашыкча тамактануу сезими пайда болот, андан кийин тез арада бул тамактан кутулуу керек деген обсессивдүү ой жаралат, көбүнчө бул үчүн бала атайылап кусууну чакырат.

Критерийлерге ылайык, бул үч ай бою жумасына эки жолудан кем эмес болот.

Ата-энелер ар дайым баласы эмне жеп жатканын көзөмөлдөп турушу керек. Мен буга чейин айтып өткөндөй, ашказан-ичегини "тазалодон" тышкары, бейтаптар ич өткөрүүчү жана заараны бат чыгаруучу каражаттарды кыянаттык менен колдонушат.

Бул сөзсүз түрдө көзөмөлгө алынышы керек, анткени бул темага жакын болгон бардык өспүрүмдөр кандай дарылар салмагын азайтууга жардам берерин жакшы билишет. Бул дарылар дарыканаларда жеткиликтүү жана атайын рецепт талап кылынбайт.

- Баланын тамактануусу бузулса, кайда кайрылуу керек?

- Республикалык психиатрия жана наркология борборуна. Клиникалык диагностикалык бөлүмгө келсеңиз, анда психиатр консультация берип, ооруканага жаткыруу зарылбы же жокпу айтып берет. Биздин ооруканада бейтаптар барып дарылануу курсун, анын ичинде психиатр жана психотерапевттердин колдоосун ала турган атайын бөлүм бар. Же башка психиатрларга жана психотерапевттерге кайрылсаңыз болот.

Мен ар дайым дарыгерди туура жана кылдаттык менен тандагыла деп кеңеш берем. Дарыгер бейтапты күнөөлөбөш керек, урушпашы керек, туура эмес кылып жатасың деп айтпашы керек.

Бул биз үстүнөн иштешибиз керек болгон бузулуу экенин жакшы түшүнөбүз, бирок бул үчүн жогоруда санап өткөндөн башка механизмдер бар. Эгерде сиз буга чейин дарыгердин корс мамилесине туш болгон болсоңуз, анда мага ишенип коюңуз: жакшы жардам бере турган башка көптөгөн боорукер дарыгерлер жана адистер бар.

- Эмне үчүн "өзүн-өзү дарылоо" кооптуу?

- Психикага байланыштуу кандайдыр бир көйгөй тууралуу кеп кыла турган болсок, анда өзүн-өзү дарылоо, тилекке каршы, натыйжасыз.

Өзүн-өзү дарылоо физикалык жана психикалык зыян алып келиши мүмкүн. Адистер көп учурда башта пайда болгон көйгөйлөрдөн натыйжалуу арылууга жардам берет.

Бир нерсени түшүнүшүбүз керек, бала салмак кошуусу үчүн мажбурлап тамактандыруу - эч качан көйгөйдү чечпейт. Алгач түпкү себебин издеп, аны менен күрөшүп, муктаждыкты канааттандырышыбыз керек. Бул учурда дарылоо натыйжалуу болот жана бул нерсе бардык психикалык бузулууларга тиешелүү.

Биздин психиканын белгилүү бир кабылдоосу бар экенин түшүнүшүбүз керек, ал эмне болуп жатканын ишенимдүү түшүнүүгө мүмкүндүк бербейт, бир жерде ал аң-сезимсиз түрдө каршылык көрсөтөт, ошондуктан бизге адис, сырттан көзсалган адам керек.

- Ата-эне баласына оору менен күрөшүүгө кантип жардам бериши керек? Кандай каталарды кетирбөө зарыл?

- Эң негизгиси баланы күнөөлөп, бул анын жеке тандоосу экенин, ата-энесин капа кылып жатканын айтпаш керек. Анын негизги муктаждыгы - дал ошол ата-энесин ыраазы кылуу, анын көңүлүн алуу болуп жатат. Ал эми жогорудагыдай сөздөрдү айтса, балада таптакыр карама-каршылык пайда болот. Балага "тил албаган", "жаман бала" деген сөздөрдү айтпаш керек.

Келгиле, маселеге баа бербестен мамиле жасайлы. Эгерде ал көйгөй бар болсо, анда адиске кайрылабыз, аны менен бирге чечебиз.

Ата-энелер кантип жардам бере алышат? Мунун баары үй-бүлөдөгү жеке мамилелерден келип чыкканын түшүнүшү керек. Бул жерде ата-эненин эч кандай күнөөсү жок экенин белгилегим келет, алар өз ниетинен, муктаждыктарынан, тарбиясынан улам ушундай аракеттерди жасашат, жөн гана аларда жетиштүү маалымат жок. Адистер жана массалык маалымат каражаттары ата-энелерге көбүрөөк маалымат берип, балдарына туура мамиле кылууну түшүндүрүшү керек.

Эгерде ата-энелер баласына жардам берүүнү кааласа, анда алар тамактануунун бузулуушунун себеби тереңде жатарын, бул жөн гана эркелөө, модага жана классташтарына жагууга болгон каалоо эмес экенин түшүнүшү керек.

Тамактануунун бузулушу - балаңыздын жашоосуна өмүр бою таасир этиши мүмкүн болгон олуттуу нерсе.

Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук натыйжалуу болот. Адис тарабынан жазып берилген бардык дары-дармектер так белгиленген убакта ичилип, катуу көзөмөлдө болушу керектигин экенин эстен чыгарбоо зарыл.

- Кыргызстанда тамактануунун бузулушунан каза тапкандар барбы?

- Өлүм менен аяктаган учурлар боюнча, тилекке каршы, эч кандай статистикалык маалымат бере албайм. Бизде салмагы өтө төмөн болгон бейтаптар бар.

Өспүрүмдөр менен канчалык байланышта болсок да, тамактануунун бузулушу, өзгөчө мектеп окуучуларынын арасында биринчи орунда турат.

- Тамактануунун бузулушун алдын алуу жолу кандай? Өспүрүмгө тамак-аш жана денеси менен дени сак мамиле түзүүгө жардам берчү кеңештерден бере кетсеңиз.

- Ата-энелер биринчи кезекте өспүрүмдүн мээси алардыкына окшош эмес экенин түшүнүшү керек. Башкача айтканда, жүрүм-турумдун тигил же бул түрүнүн калыптанышына жооптуу болгон белгилүү борборлор активдүү өнүксө, мээнин кабыгында болжолдоочу функциялар кийинчерээк өнүгөт. Балага зыяны тийип калышы мүмкүн деп канчалык айтсаң да, бала муну физиологиялык жактан түшүнө элек болот.

Ошондуктан, инсан калыптанган учурдан тартып алдын алуу иштери менен алектенүү абдан маанилүү. Балаңыз менен аны сынга албай сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз, сырткы келбетин сындабай, денесинде комплекстердин пайда болушуна салым кошпогон баарлашуу ыкмасын сактаңыз, өспүрүмдүн өзүн-өзү кабыл алуусун колдоо керек, анын күчтүү жактарын, жетишкендиктерин баса белгилеңиз, өзүн кандай болсо, ошондой кабыл алууга үйрөтүңүз.

Өспүрүмдөр өз денесине аң-сезимдүү жоопкерчилик менен мамиле кылышы үчүн, организми кандай иштей турганы, тамактануу жана ден соолугуна туура кам көрүү канчалык маанилүү экендиги жөнүндө билим берүү маанилүү. Балаңызды жөн гана жакшы көрүнүү үчүн эмес, ырахат алуу үчүн спорт менен машыгууга, ден соолугун жакшыртууга үндөшүңүз керек. Бала менен ачык ишеним атмосферасын түзүү зарыл.

Өспүрүм оңой болбосо да, өзүн-өзү сыйлоо сезимин башкалардын баасына таянбастан, өз алдынча калыптандырууга үйрөнүшү керек.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (36 статей)
Өспүрүмгө чечим чыгарганды кантип үйрөтсө болот? Адистен кеңеш
20 Июнь 2024, 16:14
Эмне үчүн АИВти эрте аныктоо маанилүү жана өлкөдө анализдердин кандай түрлөрү бар
18 Июнь 2024, 10:33
Баланы сексуалдык зордук-зомбулуктан кантип коргоо керек? Психотерапевт айтып берет
11 Июнь 2024, 14:59
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16169