Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген УКМК кызматкерлери жаза алды
RU

Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген УКМК кызматкерлери жаза алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айдоочулук күбөлүк алууга көмөктөшкөн деп УКМКнын 7 кызматкери тартиптик жазага тартылды. Бул туурасында мамкомитеттин билдирүүсүндө айтылат.

Белгиленгендей, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги ("Унаа") комплекстүү коррупциялык схемага бөгөт коюунун алкагында УКМКнын айрым кызматкерлери айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөнү аныкталган.

"Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө мамкомитет башчысынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы 7 кызматкери (сөгүш-2, катуу сөгүш – 3, кызматына толук туура келбегендигин эскертүү – 2) жазалангандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Бул чаралар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынган. Ташиев буга чейин укук бузууларга жол берилбестигин билдирип, мамлекеттик кызматта турганда Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин туугандарынын жана тааныштарынын таасирине алдырбоого чакырган. Азыркы учурда көрсөтүлгөн укукка каршы жосунга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17524