УКМК унааларды каттоо агенттигиндеги коррупцияны аныктап, 10 адамды кармады
RU

УКМК унааларды каттоо агенттигиндеги коррупцияны аныктап, 10 адамды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги ("Унаа"ишканасы) коррупциялык схема аныкталды. УКМКдан кабарлашкандай, агенттиктин айрым жетекчилери айдоочулук күбөлүк алууга жардам беришкен.

Мамкомитеттин маалыматы боюнча, жарандар айдоочулук күбөлүктөрдү алууда коррупциялык схеманын айрым субъекттерине кайрылышкан. Ортомчулар экзамен тапшыруучулар менен мамлекеттик мекеменин кызмат адамдарынын ортосунда иш алып барып, пара алышкан.

"Агенттиктин тийштүү кызмат адамдары өз кызыкчылыгын көздөп, экзамендерден ийгиликтүү өтүүсүнө жардам беришкен. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир гана филиалынан ай сайын мыйзамсыз түшкөн акчанын суммасы 10 миллион сомдун тегерегинде болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, схеманын бардык катышуучулары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17506