Жылдын мыкты мугалими аныкталды. Ага Бишкектен батир берилет
RU

Жылдын мыкты мугалими аныкталды. Ага Бишкектен батир берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте мугалимдер арасындагы республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Билим берүү министрлигинен билдиргендей, ОшМУнун "Билим" лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүсү болду.

Сынактын шарты боюнча 1-орунду ээлеген мугалимге Бишкек шаарынан батир тапшырылат.

Эскерте кетсек, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана улуттук билим берүү системасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17573