Олжобай Шакирге чыккан соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды
RU

Олжобай Шакирге чыккан соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-июлда Чүй облустук соту публицист Олжобай Шакирге карата райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Олжобай Шакир сот залында массалык баш аламандыкка чакырыктар боюнча тагылган айыпты моюнга албай турганын билдирди.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген судья Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз жана күчүндө калтыруу чечимин чыгарды.

Эске салсак, жазуучу, публицист жана коомдук ишмер Олжобай Шакир социалдык түйүндөрдө саясий маселелер боюнча өз пикирин активдүү билдирип келген. 2023-жылдын 31-августунда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүүгө каршы митингге чыгууну пландап, бирок 24-августта УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ушул жылдын 14-майында Аламүдүн райондук соту жазуучу Олжобай Шакирди "Массалык башаламандыктар" беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркиндигинен ажыраткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16650