Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери камакка алынды
RU

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Белгилүү болгондой, 2-июлда УКМКнын кызматкерлери Жоомарт Карабаевди суракка алып кетишкен. Жактоочунун айтымында, Карабаев 278-беренесинин 3-бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен козголгон кылмыш ишине шектелүүдө.

Белгилесек, бул берене боюнча беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.

Биринчи Май райондук соту тарабынан Карабаевдин бөгөт чарасы тандалып, 19-августка чейин камакка алынды. УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты тактап жатышканын айтып, башка комментарий беришкен жок.

Абдирасулованын айтымында, буга чейин Жоомарт Карабаев Улуттук илимдер академиясы атайын кызматтын көрсөтмөсү менен экспертиза жүргүзөрүн бир нече жолу билдирген. Бул тууралуу ал Олжобай Шакирдин сотунда да айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16530