Тууну өзгөртүүгө каршы болгон Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты
RU

Тууну өзгөртүүгө каршы болгон Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик желектин элементтерин өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда кезектеги отурум өттү. Жактоочу Жаныш Бараков Kaktus.media сайтына билдиргендей, активист 4-июлга чейин үй камагына чыгарылды.

"Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү Афтандил Жоробековдун баш коргоо чарасын 4-июлга чейин узартууну соттон суранды. Мен баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнгөм. Тергөө судьясы менин өтүнүчүмдү канааттандырып, баш коргоо чарасын 4-июлга чейин үй камагына өзгөрттү", - деди жактоочу.

Жаныш Бараковдун айтымында, кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Эске салсак, активист 2023-жылдын декабрь айында милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу" беренелери боюнча айып тагылган.

Активист камалганга чейин сейил бакта митинг өткөрүүнү пландаган. Ага чейин акцияга байланыштуу социалдык тармактардагы кайрылууларынан улам Октябрь РИИБине жана УКМКга чакырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16384