Рахиманын сиңдиси: Эжемди күйөөсү өлтүрүп жатканда үч жаштагы кызы жанында жатыптыр
RU

Рахиманын сиңдиси: Эжемди күйөөсү өлтүрүп жатканда үч жаштагы кызы жанында жатыптыр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-апрелде күнү Бишкектин четиндеги Кут айылында 34 жаштагы Рахима болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Шектүү болуп анын күйөөсү кармалган.

25-апрелде Рахиманын кыркы берилди. Анын сиңдиси менен апасы окуянын чоо-жайын айтып берип, жаңы жагдайлар тууралуу Kaktus.kg редакциясына кеп кылышты.

Окуянын чоо-жайы

Рахима менен анын мурунку күйөөсү (шектүү) жети жыл мурун таанышкан. Анда Рахиманын жактырбаганына карабай, аркасынан түшүп, күнү-түнү эшигинин алдында туруп алып жүрүп, үйлөнгөн дейт, Рахиманын апасы Салкынай Курманова.

"Барак тибиндеги үйүн бир бөлмөсүндө кичүү кызымдын балдары менен мен, экинчи бөлмөдө Рахима жашачу. Ошол жактан мурунку күйөөсү менен таанышып калган. Жактырбаганына карабай, аркасынан түшүп алды. Бир күнү карасам түңкү үчтө, жаан жаап жатса эшиктин алдынан кетпей туруптур.

Ошондо, мүнөзү жакшы болсо тийип албайсыңбы деп, анда да мен сунуштагам да (ыйлап)", - дейт апасы.

Бул убакыт аралыгында күйөөсү жакшы жашай баштаганда эле, ажырашам деп кетип калчу. Акчасы түгөнүп, жүдөп калганда кайра келчү дейт сиңдиси.

"Мен сени менен жашабайм деп кетет. Адамдын оозуна келбеген сөздөр менен сөгөт. Эжем өз арабасын тартып жүрө берет. Анан күйөөсү бир убакта келет, жалынат, бутун кучуктап кечирим сурайт. Анан, эжем кечирип койчу.

Күйөөнүн санын көбөйтпөйүнчү дегендей кылып эле жашай берчү окшойт. Ошентип намыстанбаш керек экен", - дейт ал.

Чыр эмнеден башталган

Рахиманын 3 жаштагы кызы кызамык болуп, ооруканада жатышкан. Ошол маалда күйөөсү Кут айылынын дагы бир жашоочусу менен "Манас" айылынан бал муздак жасаган аппатарат уурдашкан. Ал видео байкоого түшүп калган. Милициялар келип, аны кармап кеткен. Муну уккан Рахима алар саткан аппаратты таап, ээcине алып барып, ишти жапкан.

Бирок, ошондон кийин ууру менен жашабайм деп, Рахима жашабай койгон.

"Ошондон кийин мен ууру менен жашай албайм деп кетирген. Кеткенине эки айдан ашып калган. Ортодо балдарыма күйөөсү кайра-кайра келип, элдештирип койгула деп суранып жүрүптүр.

Мага көп нерсенин айтчу эмес экен кызым. "Мен эч убакта жашабайм ал менен, эч убара болбой эле койгула деп айтты. Ошо менен окуя үчү күнү таңга маал болуп жатпайбы...

Мен кичүү кызымдын үйүндө болчумун. Кечке маал келип эле, кечирим сурап, жалдырап туруп алды. "Мен дааватка чыгып келдим. Беш маал намаз окуп жатам. Туура эмес жашап жүргөнүмдү түшүндүм. Мындан ары мен Рахимага өйдө карап сүйлөбөйм, кечирип коюңуз" деп аябай жалдырап, кечирим сураган да.

Кызым, жалдырап кечирим сурап жатат, бир мүмкүнчүлүк берип көрбөйсүңбү десем, ой апа, бул болбойт, оңолбойт. Таласка 10-15 күнгө кетип калсам окшойт деди", - дейт апасы.

Апасынын айтымында, ал буга чейин жумушуна чейин аңдып, чогуу жашабасаң өлтүрүп кетем деп коркутуп жүргөн. Бирок, киши өлтүрүш эле оңой бекен, ачуусу келгенде сүйлөп коет деп, этибар алчу эмесмин деп азыр апасы кейип жатат.

"Киши өлтүрүш эле оңойбу, балам...дечүмүн. Акыры, ошол максатына жетти. Эмнеге ошондо жараштырдым экен деп өзүмдү күнөөлөп жатам...

Ошентип, көңүлү келбей жатса да кичүү кызымдыкынан өз үйүнө балдарын алып кетти. Экөөнүн үйү жакын. А мени ага чейин ачуум келгени үчүн кан басымым көтөрүлүп, ооруканага кичүү кызым алып жөнөдү. Ага чейин экөө урушпай эле экенби, карап кел, деп кызымды жибердим. Кызым, экөө тил табышып калган окшойт, тынч отуруптур деп келген", - дейт ал.

"Дары берип койгон окшойт"

Сиңдиси Айсулуу Айтымбай кызы Рахиманын үйүнө дары алымыш болуп барып, бир караганда, тынч болчу дейт.

"Биринчи барганда эжем кийимин которуп жатыптыр. Баары жакшы эле го деп ойлодум. Апамдын кан басымы көтөрүлгөнү үчүн кызымды карай туруңузчу деп, апамды ооруканага алып кеттим. Оорукада жүргөндө апам жакшыбы деп сурап, бир чалды. Ошондо акыркы жолу сүйлөштүк.

Ооруканадан түнкү экиден өтүп келдик. Кызымдын жанына, өз үйүнө алып кетиптир. Кызымды алайын деп келсем, эшикти көптөн кийин күйөөсү ачты.

Мен ойлойм: дары бергенби деп. Себеби, мен барсам жатыптыр. Күйөөсүнөн эжем уктап калдыбы эрте эле деп сурасам, "Рахима ооруп калбадыбы деп койду". Эжем жаткан бөлмө караңгы болчу, кызымды күйөөсү колума берип эле, кет дегендей кылды.

Эжем жаткан жеринен мени бир карады да, артты карап жатып алды. Мен: апам чогуу жаша дегени үчүн таарынып калдыбы, эмне сурабайт деп бир кызыктай болуп эле кетип калдым. Негизи, Рахима эжем апама аябай жакын болчу. Ал сөзсүз сурамак.

Дары бергенби деген оюм: Эжем андан бойлуу болчу. Кийин караганымда, эжем жаткан төшөк анан ошол жактагы дубал эле кан болуптур. Эжем өзүндө болсо каршылык көргөзгөнгө күчү жетмек, алы жетмек, жок дегенде алышмак", - дейт сиңдиси.

үч жаштагы кызы барын көргөн

Рахиманын жакындарынын айтымында, анын кичүү кызы окуянын барын көргөн. Эртең менен милиция келген учурда 27 жолу бычак сайылган Рахиманы кучактап, кызы өзү кан болгонуна карабай уктап жаткан.

"Ал Рахима эжемдин күйөөсүн жезде деп койчу. "Жезде апамды бычак менен сайды, апам өлдү" деп жатат. Биз уккандан кийин эле келдик. Кызын башка жакка алып чыгып коюшуптур. Эжемди силкисем эсине келген жок. Мени эжемди сабап коюптур күйөөсү деп чакыртышкан да.

Ал буга чейин да эжемдин башын отургуч менен чаап, качып кеткен болчу. А мен дагы ошентип сабап, качып кеткен го деп ойлодум. Өлтүрүп салат деген оюма келген жок. Эжемден айрылып калганымды билген жокмун", - дейт Айсулуу.

Маркумдун сиңдиси шектүү эжесин өлтүргөндөн кийин ашканада тамактанганын, Рахиманы сайган бычакты дааратканага ыргытканын, кан болгон кийимин жууп анан милицияларга киши өлтүрдүм деп барганын баса белгиледи.

"Өмүр боюу эркинен ажыратуу керек"

Маркум Рахиманын жакындары шектүү - Рахиманын күйөөсүн өмүр бою эркинен ажыратуу керек деп эсептешет. Алар, Кыргызстанда аялдарга, жаш балдарга зордук-зомбулук көргөзгөндөрдү элге салып берип, аларды да кыйноо менен жазалоого уруксат берген мыйзам чыгарыш керек деп билишет.

Айсулуу Айтымбай кызы шектүү Рахиманы билип туруп, атайын эле өлтүргөн деп эсептейт. Ал шектүү эч кандай оорулуу же психологиялык жактан жабыркабаганын, керек болсо ал буга чейин мас болсо эле "Киши өлтүрүп түрмөгө барсаң сени кол чаап тосуп алышат" деп айта берчү деп эскерди.

"Ал ичкен убакта эле зектердин сөзүн сүйлөп калчу. Жашы жете электерди кармоочу жайды.. Бир жолу абдан таң калгам: Киши өлтүрүп, түрмөгө барсаң сени кол чаап тосуп алышат деген. Сиз түрмөгө кирип чыккандай эле сүйлөйсүз го десем, сен мен жөнүндө көп нерсени билбейсиң да, Айсулуу деп койгон", - дейт маркумдун сиңдиси.

Шектүү бир жума Рахиманы аңдып жүргөн

Маркумдун синдиси шектүү Рахиманы өлтүргөнгө чейин базардан, жумушунан жолуктуруп, аркасынан калбай, элдин көзүнчө кечирим сурап, ыйлап жүргөнүн айтты.

"Окуя 4-апрелде болуп жатпайбы. Ага чейин, бир жума мурун ал эжемдин аркасынан аңдып жүрүптүр. Эжем бир жерден жумуш алып, керектүү материалдарды алганы Баткен базарына барса - мурунку күйөөсү келиптир. Эжем ал кайдан келип калганын билген эмесмин деп айткан.

Кийин ооз ачырганы эжем чакырганда да бир туургандар отурсак, ошол жакта жүрүптүр. Бул эмне кылып жүрөт деп эжемден сурасам, мени аңдып жүрөт деп айтты.

Ал базардан жолукканда мен намаз окуп калдым, сага Умрага билет алып берем деп ыйлаптыр. Негизи, эркек кишиге боор ачыбаш керек экен. Мен бардык айымдарга ушуну айтат элем", - дейт ал.

Бул үрөйдү учурган окуя азыр териштирилип жатат. Ал эми маркум Рахиманын синдиси айтып жаткан дары бериши мүмкүндүгү жөнүндө тергөөчүлөр экспертиза жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы чыкса, кошумча маалыматтар берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16038