Сузактагы кырсык: Бут сөөгү сынган балага операция жасалды
RU

Сузактагы кырсык: Бут сөөгү сынган балага операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта "Портер" сүзгөн кырсыктан жабыркап, Бишкекке которулган окуучулардын бирине операция жасалды. Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, бейтап бут сөөгүнөн жабыркаган.

"Бут сөөгү сынган бир окуучуга пландалган операция квалификациялуу адистер тарабынан 8-майда жасалып, ийгиликтүү өттү. Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп баалангандыктан жалпы палатага которулду", - дешет ооруканадан.

Буга чейин жалпы палатага которулган балдардын абалы жакшы, дарыланууларын улантып жатышат, аларга керектүү дары-дармектери жетиштүү.

Белгилесек, 2-майда Сузак районундагы Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынакта окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жаракат алган. Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келип, төртөө жанданыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын баары палатага которулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16105