УКМК казак ишкери Владимир Жуманбаевге карата козгогон кылмыш ишин токтотту
RU

УКМК казак ишкери Владимир Жуманбаевге карата козгогон кылмыш ишин токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелген казак ишкери Владимир Жуманбаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулганын маалымдады.

Комитеттин билдирүүсүндө кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстан Республикасынын ири бизнесмендеринин бири - Владимир Жуманбаев тарабынан каржылоонун айрым фактылары аныкталган деп айтылат.

2024-жылдын 19-июнунда Владимир Жуманбаев Кыргыз Республикасына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары тарабынан бир катар тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Владимир Жуманбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жоктугуна байланыштуу мурда коюлган айыптар алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.

Белгилесек, буга чейин казак ишкерине карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланганы кабарланган.

Кийинчерээк коңшу өлкөнүн "Казахмыс" компаниясы Владимир Жуманбаев боюнча билдирүү жасаган.

Маалымат үчүн:

Владимир Жуманбаев Forbes.kz сайтынын версиясы боюнча Казакстандын эң бай ишкерлеринин тизмесинде 25-орунда турат (2024-жылдын май айы). Анын байлыгы 365 000 000 долларга бааланган.

Владимир Жуманбаев "АК Алтыналмас" компаниясынын 20% акциясына ээ. Ошондой эле "Каражыра" ишканасынын 20% үлүшүнө ээлик кылат.

Кошумчалай кетсек, Жуманбаев "Бенкала" Тоо-кен компаниясы" ачык акционердик коомунун, "ТОО "Ronson-2000" жана ТОО "Vertex Holding" компанияларынын 30% акциясына ээлик кылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16411