УКМК казакстандык ишкерге издөө салды
RU

УКМК казакстандык ишкерге издөө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК казакстандык ишкер, "Вертекс Голд" компаниясынын ээси Жуманбаев Владимир Викторовичке издөө жарыялады. Коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, ал Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелүүдө.

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстандагы ири бизнесмендеринин бири - Жуманбаев Владимир Викторович тарабынан каржылоо фактылары аныкталганы кабарланат.

"В.Жуманбаев К.Асанбектин мыйзамсыз иш-аракеттерин, рэкетчилик жолу аркылуу опузалап акча алуу, кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттуулугу бар экендигин билип туруп, КР аймагында колдоо алуу максатында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн байланыш түзгөн.

Жуманбаев КР аймагында алтын казып алуу, кендерди жана баалуу металлдарды байытуу менен алектенген "В.Г.К" ЖЧКсынын компаниясынын ээси болуп, 2021-2023-жылдар аралыгында алтын казуучу компаниянын жооптуу кызматкерлери анын көрсөтмөсү менен уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо катары К.Асанбекке ай сайын 1 млн сомдон которуп турушкан.

Ошол эле учурда В.Жуманбаев Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Барс" эс алуу борборунун аймагында К.Асанбек менен бир нече жолу эс алуу жана жолугушууларды өткөрүп, ал жерге жеке учактары менен келген", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн алкагында "В.Г.К." компаниясы тарабынан республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Чогултулган материалдардын негизинде В.Жуманбаевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16305