"Көпүрө салабыз деп казылган бойдон жатат". Балыкчы-Барскоон жолу качан бүтөт? (видео)
RU

"Көпүрө салабыз деп казылган бойдон жатат". Балыкчы-Барскоон жолу качан бүтөт? (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчы-Бөкөнбай-Барскоон жолунун оңдолуп жатканына быйыл 3 жыл болду. Балыкчы - Барскоон жолунун узундугу 141 чакырымды түзөт. Учурда оңдоо иштери 44-45-чакырымга жетип калды. Бирок анын арасындагы көпүрөлөр жана айрым жерлерде жолдун бир тарабы эле бүткөн. Көлдүктөрдүн көптөгөн кайрылууларынан кийин Kaktus.kg редакциясы оңдолуп жаткан жол менен таанышып кайтты.

Балыкчыдан тарта Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылына чейин асфальт дээрлик бүтүп калган. Бирок бир тарабы. Себеби, Кара-Талаа айылынан ары жана көпүрө салчу жерлерге жакын жолдор курулуп бүтө элек. Буга жергиликтүү эл абдан нааразы.

"Эки жыл мурун казып салышкан. Ошол бойдон жатат"

Шор-Булак айылынан кийинки эски жолдорду бузуп салышкан. Ал жерлерде жумушчулар эле эмес, техникалар дээрлик көрүнбөйт. Бар-Булак айылынын тургуну Төрөбек Сулканов аталган айылдын кире беришиндеги жолго көпүрө салабыз деп бузуп, казып салгандарын айтты. Эки жыл мурда казылган көпүрө үчүн жол ошол бойдон жатат.

"Башында аябай эле жакшы баштап, иштеп жатышкан. Ошол темп менен иштесе эмдигиче жолду салып бүтүп коюшмак. Биздин бул көпүрөнү казганына эки жыл болуп баратат. Ошол бойдон турат", - дейт.

Бар-Булак айылынын тургуну Төрөбек Сулканов ошол көпүрөнүн жанында жашайт. Ал унааларга абдан күч келип жатканын белгилеп, жол куруучулардан эмнеге көпүрө салынбай жатканын сураган. Анын айтымында, көпүрө салуучулар өзгөчө маркадагы цемент керек болгону үчүн токтоп калган. Себеби, ал чет жактан ташылат.

"Куруучулар менен сүйлөшсөк өзгөчө маркадагы цемент колдонулат дешти. Ал жок болуп, көпүрөлөр салынып бүтпөй жатканын айтышты. Муну биз эмес, куруучулар айтып жатышат. Биз чоңдоруна кезиккен жокпуз. Алар бул жактарга келишпейт да.

Көпүрөнү казып салды. Унаалар айланып өтүп жатышат. Айылдагы унаалардын дээрлик баарынын дөңгөлөктөрү талкаланды. Кыймыл көп жок болуп жатат. Мурдагыдан аз техника иштеп жатат. Кыймыл жок. Билбейм, качан бүтүшөт. 2024-жылы бүтөт дешти эле. Андан кийин 2025-жылы бүтөт дешти. Эми 2026-жылы деп жатышат. Ошентип эле созулуп келе жатат. Эртерээк бүтүрүп берсе элге, барыбызга эле жакшы болмок", - дейт жергиликтүү жашоочу.

"Керектүү материалдарды камдап алып анан салышпайбы?!"

Бар-Булак айылынын тургундары көпүрөнү жакында куруп бүтүрбөгөндөн кийин эскини бузбай коё туруш керек эле деп нааразы. Себеби, эл эки жылдан бери кыйналып жатат.

"Жакынкы убакта көпүрөнү салып бүтпөгөндөн кийин эскини бузбай коё турушпайт беле?! Же жок дегенде материалды камадап алып анан казышпайбы. Мына, казып салышты. Эки жылдан бери кыймылдабай эле турат. Көпүрө такыр жылбай турат", - дейт жашоочу.

"Казган бойдон таштап салышат. Суу чачылбай, чаң басып жатат"

Бар-Булак айылынын дагы бир тургуну Уланбек Жапаров Шор-Булак айылынан кийинки жолду казып, таштап салышып, иш жылбай жатканын айтты. Ал жаан жаап, азыр чаң болбой жатканын айтып, күн ачыкта чаң басып калат дейт. Ал жолду тездетишсе жакшы болот эле деп жолдун курулушунун аякташын күтүп жатат.

"Жолдун башталганы мына үчүнчү жылга баратат. Казып салган бойдон турат. Азыр жаан жаап чаңы сапырылбай жатат. Маселе көп. Жакшы иштешпейт. Көпүрөнү казып салганына эки жыл болду. Айылдын көйгөйү чоң эле. Жолдорго суу себилбейт. Жол белгилер коюлбайт, коюлса да чала. Быйыл бүтүрүп беришсе жакшы болмок", - дейт дагы бир жашоочу.

Шаардан айылга бат-бат каттаган жарандар да жолдун бүтпөй, созулуп жатканына нааразы болуп жатышат.

"Биринчиден, абдан көп убакыттан бери оңдоп жатышат. Канча болду башташканына? Жолдо унаа менен жүрүүгө мүмкүн болбой калды. Күн ачыкта чаң каптап, унаалар бири-бирин көрбөй калышат. "Ходовка" бат эле иштен чыгып калып жатат. Ысыкта жолго суу сеппей, сепсе да аз себет, 5 мүнөттөн кийин эле кайра чаң басып калат. Бардык жерди казып салышкан. А иш болсо жүрбөй жатат", - дейт Тимур Саврумбаев.

"Эл жумуш менен камсыз болуп жатат"

Жол оңдолуп баштагандан бери жолду куруп жаткан компанияларга кирип, иштеп жаткан жергиликтүү жарандар көп. Алардын бири Шор-Булак айылынын тургуну Кулатай Абдразаков. Ал жолдо иштер жүрүп эле жатат дейт.

"Жол жакшынакай эле салынып жатат. Бир карасаң бир аз чоюлуп жаткандай көрүнөт. Өзүбүз деле фирмаларга кирип, кол-кабыш кылып иштеп жатабыз. Менин оюмча көпүрөлөр кармап жатат окшойт. Бирок көпүрө Балыкчыдан бери салынып келе жатат. Негизи, иштин жүрүшү жакшы эле. Бул жол абдан сапаттуу салынып жатат.

Текшерүү деген абдан көп. Бул жагы жакшы. Сапаттуу. Көп жылга кызмат кылат деген ойдобуз. Кыскасы, туруп калган иш жок", - дейт ал.

Заказчылар эмне дейт?

Транспорт жана коммуникация министрлигине жол боюнча маалымат алуу үчүн кайрылдык. Ведомство бизди Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол авто жолунун 141-чакырымын реконструкциялоо долбоорнунун туруктуу инженери Султан Эшназаров менен байланыштырды.

Ал чындыгында эле подрядчы компаниялар ишти жай алып барып жатканын моюндады. Ал заказчы тарап бардык талаптарды коюп, жолдун сапатын да көзөмөлдөп жатканын айтып, техникалардын аздыгы жана жумуштун жай жүрүшү боюнча Жол департаментине маалымат берилгенин кошумчалады.

"Подрядчылардын жай иштеп жатканы чын. Бул боюнча Жол департаментине маалымат берилген. Биз өз милдетибизге кирген иштерди аткарып жатабыз. ГОСТко ылайыктуулугун көзөмөлдөп, сапатын текшерүүдөбүз. Бирок кымзаткерлердин айлыгы, аны убагында алып же албай жатышына биз кийлигише албайбыз", - деди ал.

"Көпүрөгө керектүү цемент Кант заводунан чыгат"

Ал эми көпүрөлөрдүн салынбай жатканы боюнча "өзгөчө маркадагы цемент четтен келбей жатат" деген кепке Султан Эшназаров көпүрөгө деген цемент Канттан эле чыгарын кошумчалады.

"Былтыр Кант цемент заводунда чек ара жабык болуп чийки зат жок, цемент өндүрүү токтоп калды деп кат жазышканын билем. Бирок андан кийин атайын кошулмаларды кошуп кайра эле цемент менен камсыздап башташкан. Азыр цементти подрядчылар Канттан кадимкидей эле алып жатышат", - дейт.

Анын айтымында, учурда Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон жолун үч подрядчы салып жатат.

Эске салсак, 2021-жылдын 8-августунда Ысык-Көл облусунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон тилкесин реконструкциялоо долбоору башталган. Аны биринчи жолу ата мекендик компания куруп жатат. Балыкчы-Барскоон жолунун узундугу 141 чакырымды түзөт. Курулуш аяктагандан кийин анын төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланары күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16624