Пенсиясына балдарга аянтча салган ата эсиңиздеби? Эл аралык уюм ага жабдыктарды берди
RU

Пенсиясына балдарга аянтча салган ата эсиңиздеби? Эл аралык уюм ага жабдыктарды берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балтыр жай айында 93 жаштагы Үсөй ата пенсиясын чогултуп, айылдын балдарына оюн аянтчасын салып берген. Аны Kaktus.kg редакциясы тартып, чагылдыргандан кийин эл аралык уюм балдар аянтчасына керектүү жабдыктарды берди. Редакция кайрадан ата менен баарлашып кайтты.

Үсөй Алагөзов быйыл 94 жашка чыкты. Ал Шор-Булак айылынын балдарына аянтчаны мындан эки жыл мурун чогулткан пенсиясына салган болчу. Бул көпчүлүк тарабынан алкоого алынып, эл аралык уюм аянтка кошумча шаймандарды берүүнү чечкен. Азыр аталган айылдын балдары аянтчадан кетпей ойноп жатышат.

"Силер мени тартып кеткенден кийин эле балдарымдын телефон номерлерин таап, биз менен байланышып, бир эл аралык уюм балдарга оюнчуктарды тапшырган. Аларды орнотуп, азыр балдар эртеден кечке жыргап ойноп жатышат. Ыраазычылык билдирем", - дейт ал.

Үсөй ата балдар телефон, смартфондор менен үйдө отурбасын, алардын саламаттыгы үчүн деп бул оюн аянтчасын салган. Себеби, өзү да жаштайынан гимнастика кылып, таң эрте жүгүрүп, суук аба ырайында да көлгө түшүп турчу. Азыр 94кө келсе да көл жээкте чуркап, гимнастика кылып турат.

"Балдардын да ден соолугу чың болсун. Мына, 94кө келип басып жүргөнүмдүн өзү жаш кезимден көп кыймалдаганымда болсо керек. Ушул балдарымдын да дени сак болсун. Тилегеним эле ошол", - деди ата.

Белгилей кетсек, ал ошондой эле өзү жашаган көчөнү жарыктандырган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16469