Сузактагы кырсык. Ооруканадагы окуучулардын абалдары айтылды
RU

Сузактагы кырсык. Ооруканадагы окуучулардын абалдары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Катмы эс алуучу жайында "Портер" окуучуларды сүзүп кетип, 32 бала жабыркаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинен бейтаптардын бүгүн, 6-майга карата абалы боюнча маалымат берди.

Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган төрт баланын үчөөнө жогорку квалификациялуу адистер тарабынан операция жасалып, ийгиликтүү өттү. Бүгүнкү күндө абалдары туруктуу жакшырып калгандыктан травматология бөлүмүнө которулду. Ал эми ошол эле бөлүмдө дарыланып жаткан алты баланын абалы жакшы деп бааланат.

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага кийинки аптанын шаршембисинде операция жасоо пландалууда.

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

Ал эми дарылануусун Жалал-Абадда улантып жаткан 9 баланын абалы туруктуу экенин билдиришти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16094