Күндүн көрсөткүчү: 2023-жылы Кыргызстанга 8 миллион 557 миң чет элдик жаран келген
RU

Күндүн көрсөткүчү: 2023-жылы Кыргызстанга 8 миллион 557 миң чет элдик жаран келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Туризм тармагы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Экономика министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин өкүлү Нургазы Тойчуев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда туризмдин эң популярдуу түрлөрүнүн баары бар.

"Туристтердин арасында чоң кызыгууну жаратканы – бул тоолук туризм. Биз тоолуу өлкө катары бул багытта көптөгөн кызматтарды сунуштай алабыз.

Туристтер арасында чоң суроо-талапка ээ болгон тарыхый жана маданий туризм да актуалдуу. Рекреациялык туризм да бар. Бул, мисалы, Ысык-Кел областында. Көлгө 1 миллиондон ашык адам келет", - деди ал.

Тойчуев кошумчалагандай, жыл сайын Кыргызстанга туристтик максатта келген чет элдик жарандардын саны өсүүдө.

"Жалпысынан туризм тармагындагы абал жаман эмес. Коронавирустук мезгилди эске албаганда туристтердин саны жыл сайын өсүп жатат. Мисалы, 2023-жылдын аягында Кыргызстанга 8 миллион 557 миң чет элдик жаран келген. Ал эми 2022-жылы - 6 миллион 912 миң чет элдик", - деп тактады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16174