"Жоламандан күрөшкөндү үйрөндүм". Япон балбаны Фумито Жоламан аны өзгөрткөнүн айтты
RU

"Жоламандан күрөшкөндү үйрөндүм". Япон балбаны Фумито Жоламан аны өзгөрткөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мен кыргыз балбанын көргөндөн кийин күрөш эмне экенин түшүндүм". Бул тууралуу япон балбаны Кенитиро Фумита Дүйнөлүк уюмуна берген маегинде билдирди.

Ал ага чейин атаандаштарды күчкө салып килемдин сыртына түртүп салсам болду деп ойлоп жүргөнүн кошумчалады.

"Чынын айтайын, мен Шаршенбеков менен күрөшкөн соң күрөш эмне экенин түшүндүм. Ага чейин атаандаштарды күчкө салып килемдин сыртына түртүп салсам болду дечүмүн. Андай эмес экен. Экөөбүз кез келдик. Ал өзгөчө шамдагай, баардык ыкмалар күрөшөт экен. Күрөш мезгилинде өзгөчө рахат алдым. Жеңилип жатсам да аны менен чындап күрөшкүм келди. Мына кыймыл, мына техника. Ойноп күрөшөт экен. Жетише да албайсың. Жеңилдим. Бирок ыраазы болдум.

Эгер күрөш, чыныгы балбан ушундай болсо анда ушинтип күрөшүш керек. Жалаң жеңиш үчүн күрөшчүмүн, көрсө жеңишти эптеп алуу рахат алып келбейт экен да, күрөш дагы чыгармачылык иш экенин түшүндүм. Ал илбирс сымал, берилип күрөшөт. Өзгөрдүм. Жоламан мени өзгөрттү"

Белгилүү япон балбаны Кенитиро Фумита, 29 жашта, дүйнөнүн 2 жолку, Азиянын чемпиону. Өткөн жылы (2023) ал дүйнөлүк чемпионатта кыргыздын белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбековго жеңилип калган. Жоламан Шаршенбеков дүйнөнүн 2 жолку, Азиянын 3 жолку чемпиону, жашы 25те.

Видео: Дүйнөлүк күрөш уюму

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16533