Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевди райондук сот толук актады
RU

Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевди райондук сот толук актады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет элдик жаранды зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаев Свердлов райондук соту тарабынан акталды. Маалыматты актёрдун жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Белгилүү болгондой, сот бүгүн, 17-апрелде болду. "Райондук сот далилдердин жоктугунан жана көрсөтмөлөр дал келбегендиктен Мамаевди актады. Эми жабырлануучу тарап бүгүнкү чечимге каршы даттанса жогорку инстанциядан да күнөөбүз жок экенин далилдейбиз", - дейт жактоочу.

Ал эми Чыңгыз Мамаев чечимге ыраазы болуп, "ак болгонум үчүн ушундай өкүм чыкты да" дейт.

Эске салсак, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап, актёр 30-августка чейин камакка алынган. Андан бери соттук отурумдар белгиленип, улам кийинкиге калтырылып келген.

Декабрь айында актёр Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, иштин адилет тергелишин жеке көзөмөлүнө алуусун, ага чейин үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

2023-жылы январь айында Бишкек шаардык соту Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаевдин кылмыш ишин карап, актёрду үй камагына чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15963