Сузакта окуучуларды сүзүп кеткен "Портердин" айдоочусу үй камагына чыгарылды
RU

Сузакта окуучуларды сүзүп кеткен "Портердин" айдоочусу үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузактагы кырсыкта окуучуларды сүзүп кеткен "Портердин" айдоочусу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту кабыл алганын облустук милициядан кабарлашты.

Эске салсак, 2-март күнү "Урааным Манас" фестивалынын алкагында Сузакта ишчара өтүп жаткан учурда балдарга демөөрчүлүк кылып, балмуздак таратуу үчүн келген кишинин "Портер" үлгүсүндөгү унаасы окуучуларды сүзүп кеткен.

Андан 35 окуучу жабыркап, абалы оор делген 10 бала Бишкекке алып келинген. Кечээ, 9 жаштагы окуучу кыздын баш сөөгүнө операция жасалды.

Кырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, 12 кызматкер иштен алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16083