Сузакта массалык иш-чарада кокустук болуп, Porter окуучуларды тебелеп кетти. Видео
RU

Сузакта массалык иш-чарада кокустук болуп, Porter окуучуларды тебелеп кетти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда манас айтуу иш-чарасында Porter окуучуларды сүзүп кетти. Маалыматты Kaktus.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Такталгандай, бүгүн, 2-майда саат 13:30 чамасында Сузак районунун Жерге-Тал айылында мектеп окуучуларынын манас айтуу иш-чарасы өтүп жаткан. Анда 1976-жылы туулган жаран Porter унаасында балмуздак сатып турган. Унаа кокусунан ордунан жылып, окуучуларды тебелеп кеткен.

Бул факты "Кокустук" болуп катталып, алдын ала текшерүү иштери башталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен жалпы 29 окуучу жабыркаганын кабарлады. Жабырлануучулардын жаш курагы 9-16 жаш.

"Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен 3 баланын абалы оор. Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткырылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", - дешти министрликтен.

Бул окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16064