Бакай Банк жол кирени 50% арзандатуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт
RU

Бакай Банк жол кирени 50% арзандатуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-майдан баштап, Бишкек шаарынын тургундары муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү үчүн жол кире акысына арзандатуу ала алышат.

Бакай Банкы жол кире акысына 50% арзандатуу алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бүгүнкү күндө бир жүргүнчү жол кире акысы үчүн 17 сомдон төлөйт. Ал эми Bakai тиркемеси аркылуу төлөм жүргүзгөн учурда, арзандатуу 8 сом 50 тыйынды түзөт. Мындай жол менен жарандар жол кире үчүн акчасын кыйла үнөмдөй алышат.

50% арзандатуу алуу үчүн төмөнкү шарттарды аткаруу керек:

  • Bakai тиркемесин жүктөп, орнотуу;
  • ⁠Терминалдардан же электрондук капчыктар аркылуу эсепти акысыз толуктоо;
  • Коомдук транспорттордо илинген Tulpar QR кодун Bakai тиркемеси аркылуу сканерлеп алып, төлөм жүргүзүү.

Арзандатуу 2024-жылдын 31-июлуна чейин, 3 айга созулат.

Бакай Банктын Visa картасынын колдонуучуларына мындан да башка арзандатуулар жана мүмкүнчүлүктөр бар.

Кененирээк маалыматтарды Банктын социалдык тармактардагы баракчаларынан же 6111 телефон номерине чалып алсаңыздар болот. КРдин мобилдик операторлорунун бардыгынан чалуу акысыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16075