Кабыргалары сынып, ийне жуткан. Акыйкатчы жоокерлердин укуктарын камсыздоого чакырат
RU

Кабыргалары сынып, ийне жуткан. Акыйкатчы жоокерлердин укуктарын камсыздоого чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Коргоо министрлигинин Аскердик госпиталында мониторинг жүргүзүштү. Мындай аракеттер армиядагы жоокерлердин зомбулукка кабылуусун алдын алуу максатында жүргүзүлдү дешет институттан.

Аскер госпиталынын каттоо журналынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-январынан 26-мартына чейин 607 жаран кайрылган, алардын 139 катардагы жоокерлер (21%).

2023-жылы аскер госпиталына жалпы 2160 аскер кызматкери кайрылышкан, анын ичинен 663ү катардагы жоокерлер (31%).

2023-жылы аскерлердин ден соолугун текшерүү учурунда 37 жоокерден бөйрөк оорусунун жетишсиздиги, ал эми 2024-жылдын биринчи кварталында эле 21 аскерден жогордогудай оору аныкталган.

2023-жылы 87 аскерден варикоцеле оорсу табылса, 2024-жылдын биринчи кварталында 42 аскерден аныкталды. Эркектердин 40% тукумсуз болуп калышынын себеби, варикоцеле оорусу.

Мониторинг учурунда, аскерге чакырылган жоокерлердин аскердик госпиталга келип жатышынын бирден-бир себеби - медициналык комиссия учурунда аныкталбаган өнөкөт же башка оорулардын физикалык күч келүүсүнөн улам курчуп жатканы белгилүү болгон.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык комиссияда УЗИ аппараты жок болгондуктан, алардын ички органдарына текшерүү жүргүзүлбөйт. Мындан сырткары аскерлер кызмат учурунда ар кандай жаракаттарды алып госпиталга жиберилет.

Уставга ылайык, мындай учурда тиешелүү кызматтарга, анын ичинде аскер прокуратурасына бул тууралуу маалымат жиберилет.

2024-жылдын биринчи кварталында Аскер прокуратурасына жогорудагыдай 16 билдирүү жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 10 жоокер 73809 аскер бөлүгүнөн.

Акыйкатчы институту Аскер прокуратурасына кызмат өтөө учурунда ар кандай жаракат алган жоокерлердин укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу расмий суроо-талап жөнөткөн.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында аскер госпиталына жалпысынан 15 жоокер кайрылган.

Ар бир факты боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзгөн; 9 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 6 факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкат түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине маалымдоо жиберүү чечими кабыл алынган.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан аскердик госпиталга мониторинг жүргүзүүдө аныкталган маалыматтарга ылайык, 15 аскер кызматкери кабыргалары, буттары, колдору сынып, ар кандай травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен кайрылышкан. Эки жоокер ийне жутуп алгандыгына байланыштуу аскердик госпиталга түшкөн.

Аскер прокуратурасынын расмий жообуна ылайык, айрым фактылар боюнча, жоокерлер мындай жаракаттарды өздөрүнүн этиятсыз аракетинен улам алган.

Акыйкатчы өлкөнүн аймагында жайгашкан аскердик башкаруу органдарынын, аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, аскердик окуу жайлардын, жана башка аскердик мекемелердин түзүлүштөрдүн мыйзам актыларын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылууну аскер прокуратурасынан талап кылат.

"Аскерге чакырылган катардагы жоокерлердин жана офицерлердин укуктарынын коргоо маселеси курч бойдон калууда. Айрым жоокерлер катуу ур-токмокко кабылгандан кийин да окуя тууралуу айтуудан баш тартышат. Алардын укуктарын камсыздоо жана ден соолугун сактоо үчүн тез арада чара көрүүлүүсү талап кылынат. Ошондуктан алардын укуктарынын камсыздалышы тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болушу керек", - деп билдирди акыйкатчы.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Табылды Кадырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16125