Токмок жеген аялдын окуясы. Жубайлар видеону тараткандардын үстүнөн арызданды
RU

Токмок жеген аялдын окуясы. Жубайлар видеону тараткандардын үстүнөн арызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто күйөөсү тарабынан токмок жеди делген аял жолдошуна карата арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу редакцияга ОШ ШИИБден билдиришти.

Жубайлар "жеке жашообузга кийлигишип, биздин өз ара мамилебизди жалпыга жарыя кылгандарга карата чара көрүп бергиле" деген мазмунда видеону коомчулукка чыгарган адамдардын үстүнөн арыз жазышып, чара көрүп берүүнү суранышкан.

Белгилесек, 12-майда социалдык тармактарда эркек киши аялга кол көтөргөн видео тараган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 10-майдан 11-майга караган түнү саат 02:00 чамасында Фрунзе базарынын аймагындагы сулуулук салонунун кире беришинде болгон. Милицияга эч ким кайрылган эмес. Бирок видео жарыялангандан кийин окуя үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катары катталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган У.Р. кармалган. Бирок жабырлануучу ага каршы арыз жазуудан кескин баш тартты. Ошого карабастан административдик укук бузуулар жөнүндө Кодекске ылайык, шектүү 24 саатка камакка алынды.

Бүгүн, 13-майда Ош шаардык соту шектүүгө карата чечим чыгарат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16148