Ат-Башыда катуу шамалдан жабыркагандардын биринин абалы оор
RU

Ат-Башыда катуу шамалдан жабыркагандардын биринин абалы оор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ат-Башы районунда 10-майда катуу шамал катталып, 5 адам жабыр тартты. Анын ичинен 3 адам Ат-Башы райондук жалпы дарыгердик борборуна жаткырылды.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Терек-Суу айылынан 2, Ача-Кайыңды айылынан 1, Большевик айылынын 1 жана Ак-Жар айылынан 1 тургун райондук ооруканага кайрылган.

"Учурда ооруканада 1,6 жашар наристе менен 8-класста окуган эжеси дарыланууда. Аларды чатыр басып калган. Ошондой эле катуу шамалдын кесепетинен Ача-Кайыңды айылынын тургуну турак үйдүн чатырын оңдойм деп кулап түшкөн. Учурда бейтап Ат-Башы райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө, абалы оор. Азыркы тапта тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат", - дешет өкүлчүлүктөн.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун тапшырмасы менен эже-сиңдиге материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Ошондой эле катуу шамалдан Ат-Башы районунда 10дон ашык имараттар материалдык зыянга учурады. Ал эми Нарын шаарында 1 турак үйдүн чатыры учту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16134