Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды
RU

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-апрелде БШКга Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевден мандатын тапшыруу боюнча арыз түштү.

Сарбагышевдин мандатын тапшыруусунун себептери белгисиз. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын арызды карап чыгып, депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алышты. Ал шайланып келген Ысык-Көл округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Эске салсак, Максатбек Сарбагышев Ысык-Көл району боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, "Элдик"депутаттык тобуна кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16034