Кыргызстандык жаран эл аралык террористтик уюмга мүчө деп шектелүүдө
RU

Кыргызстандык жаран эл аралык террористтик уюмга мүчө деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында "ИГ" эл аралык террордук уюмунун мүчөсү делген кыргызстандык кармалды. Бул туурасында коопсуздук комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган М.У.А. аттуу кыргыз жараны чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен.

"Мосул шаарындагы (Ирак) логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, эл аралык террордук уюм тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан", деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты брюнча тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16163