Сириядагы куралдуу жаңжалга катышканга шектелген кыргызстандык Түркиядан депортацияланды
RU

Сириядагы куралдуу жаңжалга катышканга шектелген кыргызстандык Түркиядан депортацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан эл аралык террористтик жана радикалдык-экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктоого, бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө террордук уюмдун мүчөсү делген аял кармалды. Комитеттин маалыматына ылайык, ал эл аралык издөөдө жүргөн.

"Кыргызстандын 1966-жылы туулган Б.З.Т. аттуу жараны (Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну) чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышкандыгы, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөндүгү, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний жана регион аралык кастыкты козгогондугу үчүн ушул жылдын 4-майында Түркиянын аймагында кармалып, депортацияланды. Ал 2015-жылдын ноябрында Сирия Араб Республикасында "Жабхат-Ан-Нусра" эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышкан", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кармалган жаран соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16147