Президент: Желек комуз эмес, ал мезгилдин талабына жараша өзгөрө берет
RU

Президент: Желек комуз эмес, ал мезгилдин талабына жараша өзгөрө берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында комуз формасындагы пирсти куруу же курбоо боюнча президент соцтармакта сурамжылоо жүргүзгөн. Ал "Кабар" агенттигине маек берип, сындар ага катуу тийгенин билдирди. Ал саясий маселе болсо, элден сурабай эле өз чечимин чыгара бермекмин деп кошумчалап, улуттук аспап болгондон кийин элдин тандоосуна койгонун кошумчалады.

"Элдин 80 пайызы мага ишенип, 6 жылга өз тагдырын, мамлекеттин келечек тагдырын чечүү укугун берген. Эгер саясий маселе болсо мен элден сурабай эле өзүмдүн чечимимди чыгара бермекмин. Бирок бул маселе улут менен кошо жаралган улуттун аспабы – комуз жөнүндө болуп жаткандан кийин сурамжылоо кылып коёюн дедим.

Анткени мага басма сөз катчым телефон чалып: "Ар ким ар кандай пикир жазып жатышат, каргагандар да бар",- дегенде бул мага катуу тийип, сурамжылоо жарыяладым.

Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. Ошондуктан бул долбоор өзгөрүүсүз калды. Ал жерде комуздун өзү эмес да, болгону сөлөкөтү. Тескерисинче, өлкөбүзгө келген ар бир туристке комузубузду, боз үйүбүздү даңазалап, таанытуу аракети болуп жатат. Мунун эмнеси жаман? "Рух Ордого" келген туристтерге комплексти көргөзүп чыккандан кийин боз үйгө алып барып кыргыздын тамагын берсек жакшы да.

Боз үйдүн ичиндеги ресторанды тейлеген улан-кыздарыбыз дагы улуттук кийимчен болушат. Кыскасы улуттук колоритибизди сактап, чет элдиктерге жайылтсак эмнеси жаман?",- деди ал.

Ал желекти да өзгөртүп жатканда сурамжылоо кылбайт беле деген сынга, желек комуз эмес, ал дагы далай өзгөрөт деп жооп берди.

"Желек эми комуз эмес да. Желек тез-тез алмашып турган символ. Биздин кыргыз деген атыбыз беш миң жылдан бери жашап келет. Комузубуз дагы ошол мезгилден бери келатат. Желегибиз болсо далай жолу өзгөргөн. Дагы да мезгил талабына жараша өзгөрө берет.

Мисалы өнүккөн өлкөлөрдү алалычы. Америка өз желегин 26 жолу өзгөрткөн. Испания, Венесуэла 8 жолу. Францияда желек саясий режимге карап алмашып турганы маалым. Эң негизгиси мен элибиздин тагдырына, мамлекетибиздин келечегине балта чапкан чечимдерди кабыл албасам болду.

Ар бир чечимиме тарых өз баасын берет. Азыркы мезгилдеги чечимдериме келечекте кыргыз эли, келечек муундарыбыз "эң жакшы" деген баа бербесе дагы, "жакшы" деген баа берет деп терең ишенем", - деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16124