Садыр Жапаров: Президенттиктен кетип жатканда туугандарым менен отчет берем
RU

Садыр Жапаров: Президенттиктен кетип жатканда туугандарым менен отчет берем

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соңку учурда өлкөдөн алтын чыгарылып кетти делген видео тарап, ал коомчулук арасында кызуу талкууларды жаратууда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кабар агенттигине маек берди.

Ал интернетте тараган видеону көрүп күлкүсү келгенин, алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер видео жасап, социалдык тармакка таратпайт болчу дейт ал.

"Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт.

Өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камераларды коюп, баарын онлайн режимге (санарипке) киргизип койгонбуз. Күнү-түнү дебей видео тасмага тартылып, компьютерге жазылып турат. Аны миңдеген адистер түз эфирде карап олтурушат. Ал видеолор сакталат. Бирөө жарым бир грамм алтын уурдайт деген эч кимдин түшүнө да кирбейт. Муну баары жакшы билишет.

Эгер кокус эле кимдир бирөө жолун таап мамлекеттик мекемелерден бир килограмм алтын уурдап кармалса, мейли ким болбосун, жүз эсе кылып мамлекетке кайтартабыз.

Мындай кайтаруу иштери бир эле алтын кен тармагында эмес, башка тармактарда да болуп жатканын өзүңүздөр жакшы билесиздер.

Ал эми менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып атышат.

Мен канча убакыт президент болуп олтурам билбейм, аны бир Кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип атканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем", - дейт ал.

Ал азыр жасалма интеллект аркылуу үндөрдү жасоого боло турганын айтып, ар бир адам маалыматтын чын-төгүнүн айырмалай билиши керек деп эсептейт. Ал агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтүн төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Бир тууган агам Сабыр Жапаровду түркиялык алтын менен иштеген бизнесмендер чакырып, өздөрүнүн алтын заводун көргөзүшкөн экен. Алар деле силердин алтынды биз сатып алалы, арзаныраак бергиле дешкен. Ошол жерде түшкөн сүрөтү экен. Эгер ичинде кенедей бир арам ою болгондо, ал жерде алтын кармап сүрөткө түшмөк эмес да.

Бирок ошентсе да ал окуя боюнча агама: "Сиз мамлекеттин ишине кийлигишпеңиз. Мамлекет өзү чечет",- деп абдан катуу айткам. Албетте, ошол кезде мен жаңы бийликке келип, иштерибиз жакшы жылбай жатса, агамдын деле мамлекеттин иши алдыга жылып кетсе экен деген жакшы ою болгон", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16122