"Манас" аэропортунда текшерүү жүрүп, бомба табылган жок
RU

"Манас" аэропортунда текшерүү жүрүп, бомба табылган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Манас" аэропортунда бомба бар деген билдирүүдөн улам кызматкерлер менен жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Kaktus редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Айтымдарында, учурда (16-майда саат 9:20да) жардыруучу зат бар деген маалыматтан улам "Манас" аэропортунун 3-кабатында иштеген кызматкерлерди эвакуациялоо иштери жүрүп жатат.

Аэропортко жардыруучу зат коюлду деген билдирүү Кыргызстандын Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин электрондук даректерине жөнөтүлгөн. Анда миллион рубль талап кылынганы айтылган.

"Манас" аэропортунан да бомба тууралуу белгисиз адамдан билдирүү түшкөнүн тастыкташып, жүргүнчүлөрдүн аэропортко кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгенин билдиришти. Коопсуздук кызматы текшерүү жүргүзүүдө.

Саат 9:30да аэровокзалдын имаратындагыларды толугу менен эвакуациялоо иштери башталганы белгилүү болду.

Саат 10:20да текшерүү иштери аяктап, эч кандай жардыруучу зат табылган жок. Аэропорттун иши кайра жанданды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16164