Стилист Замира Молдошеванын билдирүүсүнөн кийин кофейняга эскертүү берилди
RU

Стилист Замира Молдошеванын билдирүүсүнөн кийин кофейняга эскертүү берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стилист жана дизайнер Замира Молдошева Бишкектеги кофеканалардын биринде "кыргыз тилинде сүйлөөгө болбойт экен" деген билдирүүсүн социалдык баракчасына жарыялады. Ал "жүрөк ооруй турган абалга туш болдум" деп нааразычылыгын айтып чыккандан кийин интернет колдонуучулар кофеканага чара көрүү керектигин айтышкан.

Сын-пикирлерден кийин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы реакция кылды.

Маалым болгондой, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан бул маселе көзөмөлгө алынды.

"Мэриянын тиешелүү адистери мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жеринде жүргүзүп, кофекана жетекчилигине эскертүү берилди", - дешти тил комиссиясынан.

Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик макамы бар. Буга байланыштуу кыргыз тилинде сүйлөгөнгө эч ким тыюу сала албайт. "Мамлекеттик тил жөнүндө" Конституциялык мыйзамда да "Менчиктин бардык формаларындагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ишкер жеке адамдар, керектөөчүлөрдү тейлөөчү башка чарба субъекттери мамлекеттик тилде кызмат көрсөтөт жана маалымат берет. Мамлекеттик тил менен катар маалымат расмий тилде да кайталанышы мүмкүн" деп жазылган.

Kaktus.kg сын-пикир жараткан кофеканага байланышып, окуя боюнча комментарий алууга аракет кылдык. Бирок мекемеден "эч кандай комментарий бербейбиз" деп баш тартышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16165