Ошто аялын сабаган киши үч күнгө камалды
RU

Ошто аялын сабаган киши үч күнгө камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 10-майдан 11-майга караган түнү көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 күнгө камалды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Ош облустук сотунан билдиришти.

"Шаардык сот кечээ анын ишин карап, Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси боюнча (Үй-бүлөлүк зомбулук) күнөөлүү деп таап, сот залынан камакка алды", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16157