Аскат Жетиген уулу УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын айтты (видео)
RU

Аскат Жетиген уулу УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын айтты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы №21 мекемесиндеги (Бишкектеги СИЗО-1) камакта жаткан айыпталуучу Аскат Жетиген уулуна карата күч колдонуу жана кыйноо тууралуу маалымат чындыкка дал келбестигин билдирип, ал тургай анын СИЗОдон видео кайрылуусун да таратышкан.

Бирок соттук териштирүү учурунда Аскат Жетиген уулу мындан мурунку видео кайрылуусу бурмаланганын билдирди.

"Менин өткөндөгү элге болгон кайрылуумду бир аз бурмалап чыгарып салышкан экен. Мени СИЗОдо кыйнады деп жазышкан. СИЗОдо мен кыйналган эмесмин. Мени УКМКнын шаардык мекемесинде кыйнашкан. Ошол маалыматты тактап коеюн дедим. Чоң рахмат!", - деп айтылат анын кезектеги кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, буга чейин "Азаттык" Аскат Жетиген уулуна карата кыйноо колдонулганын билдирген. "Азаттыкка" Жетиген уулу ага карата күч колдонуу тууралуу арыз менен Акыйкатчынын кеңсесине жана кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборго кайрылганын айткан. Басылма Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков менен байланышып, анын уюму акындын арызын 9-апрелде алганын ырастады. Укук коргоочулар өз кезегинде документти Аскер прокуратурасына өткөрүп беришти. Көзөмөл кызматы кайрылууну 18-апрелде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганы да белгилүү.

Эске салсак, Аскат Жетиген уулун УКМКнын кызматкерлери 16-мартта Нарын облусунун Кочкор районунда кармашкан. Аны Бишкекке алып келишип, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка кармашкан. Андан бир күн мурун Жетиген уулу Садыр Жапаровдун 14-марттагы маегин сынга алган видеосун жарыялаган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен ал өлкөдөн чыкпоо менен бошотулган. Бирок 20-мартта ал экинчи эпизод боюнча кайрадан кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16250