Ток менен бир саат кыйнашкан. Абактагы Аскат Жетиген кыйноого кабылганын айтты
RU

Ток менен бир саат кыйнашкан. Абактагы Аскат Жетиген кыйноого кабылганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абактагы Аскат жетиген 20-мартта камалгандан кийин аны күч кызматкерлери ток менен кыйноого алканын айтты. Ал бул юоюнча Акыйкатчы институтуна кайрылганын маалымдады.

"Ток менен бир саат бою кыйнашты. Окуя боюнча кат жазгам. Учурда Аскер прокуратурасы ишти изилдеп жатат", - деди ал.

Акын 20-мартта кармалган. Ага "Массалык башаламандыктар" беренеси менен иши козголгон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына 19-майга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Эске салсак, Аскат Жетиген 16-мартта да Нарын облусунун Кочкор районунда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Бишкекке жеткирилип, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал Садыр Жапаровдун 14-марттагы акыркы маегин сынга алган видеосун жарыялаган. Кийин 4 күндөн кийин бошотулган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16219