Ырчы Нур Чолпон Андрей Малаховдун шоусуна катышты
RU

Ырчы Нур Чолпон Андрей Малаховдун шоусуна катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сопрано ырчысы, жаш композитор Нур Чолпон Россиянын "Песни от всей души" телешоусуна катышты. Ырчы редакциябызга комментарий берип, аталган шоуго үч жолу чакыруу болгонун айтты.

"Андрей Малаховдун шоусуна үчүнчү жолу чакырышты. Биринчи жолу мындан 2-3 жыл мурда "Смуглянка" аттуу ырды аткарып чыкканда 9-майга карата чакырылгам. Бирок ар кандай себептерден улам барбай калгам. Японияда тажрыйба алмашууда жүргөндө экинчи ирет чакырышып, анда да бара албай калгам. Быйыл кайрадан байланышка чыгып, 1-июнга карата берүүсүнө чакырышты. Бул сапар убактым болуп, катышып калдым", - дейт ырчы.

Нур Чолпон мындай программага катышуу чоң жоопкерчилик экенин, аябай сарсанаа болгонун кошумчалады.

"Телефон аркылуу алдын ала сүйлөшүлгөндүктөн, жашоо-турмушубуз тууралуу өзүбүз видеолорду тартып, программанын кызматкерлерине жөнөттүк. Алар баарын монтаждап, ар бир конок тууралуу кыска видео баян жасашты. Тартуу иштери жеңил болду, жалпы 4 саатка созулду. Башка коноктор ырдап жатканда кол чаап, шаңдуу ыр болсо бийлеп, жылмайып отурушубуз керек болчу. Бирок жарыктар көп болгондуктан 1 сааттан кийин эле чарчап калдык. Ал эми Андрей Малахов бир дем менен программаны алып барды. Программанын соңунда башка коноктору менен да жакшы мамиледе болуп калат экенсиң. Ушундай чоң программага катышуу сыймык жана чоң жоопкерчилик болду. Анткени мен өзүмдү эле көрсөтпөстөн, кыргыз улуту жөнүндө сүрөттөмө берейин дегем. Чоң миссияны жакшы аткарып, элди, өзүмдү уят кылбасам экен деп сарсанаа болгом", - дейт Нур Чолпон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16289