Депутаттар электрондук тамеки чеккендерге 40 миң сом айып салууну сунуштап жатышат
RU

Депутаттар электрондук тамеки чеккендерге 40 миң сом айып салууну сунуштап жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар Шаирбек Ташиев менен Алишер Козуев электрондук тамеки жана вейп чеккендерге 40 миң сом айып салууну сунушташты. Алардын мындай демилгесине бир катар кесиптештери каршы чыгышты.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 10-июндагы жыйынында депутат Козуев мыйзам долбоорунда электрондук тамекилерди алып кирүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салуу сунушталып жатканын билдирди.

Мындан тышкары Бузуулар жөнүндө кодекске электрондук тамекилерди колдонууга тыюу салууну бузган жеке жактарга - 400 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (40 миң сом), юридикалык жактарга - 600 эсептик көрсөткүчтө (60 миң сом) айып салууну киргизүү каралууда.

Электрондук тамекилерди сатууга тыюу салууну бузган жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч (50 миң сом), юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч (65 миң сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Кылмыш-жаза кодексине электрондук тамекилерди ташып келүү 1500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (150-200 миң сом) айып салуу же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат деген берене киргизилүүдө.

Жыйында депутаттар талашып-тартышып, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгү тарабынан колдоого алынды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: serdceplus.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16348